Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:22

Дания Украинага дагы 2,6 миллиард долларлык аскердик жардам берет


Метте Фредериксен менен Владимир Зеленский.
Метте Фредериксен менен Владимир Зеленский.

Дания Украинага аскердик жардамдын жаңы топтому үчүн 2,59 миллиард доллар бөлөт. Бул тууралуу дүйшөмбү күнү өлкөнүн премьер-министри Метте Фредериксен билдирди.

Анын айтымында, каражат Украинага быйыл жана кийинки жылы курал-жарак сатып берүүгө жумшалат.

Мартта Дания Украинага 2023-жылы аскердик жана жарандык жардам берүү фондун түзгөн. Ага 1 миллиард АКШ доллары которулган.

Фредериксен жергиликтүү радиолордун бирине курган маегинде өкмөт бул фондго быйыл кошумча 7,5 миллиард крон (1 миллиард долларга жакын), кийинки жылы дагы 10,4 миллиард крон (1,5 миллиард доллар) бөлүүнү пландап жатканын билдирди.

Украинанын президенти Владимир Зеленский бул жардам үчүн Даниянын өкмөтүнө ыраазычылык билдирди.

Метте Фредериксен быйыл сентябрда НАТОнун башкы катчылыгынан кете турган Йенс Столтенбергдин ордуна талапкер болушу мүмкүн экени айтылып келет.

XS
SM
MD
LG