Чолпон-Атада "Европа Биримдиги - Борбор Азия" саммити өтөт

“Европа Биримдиги – Борбордук Азия” саммити. Астана шаары. 27-октябрь, 2022-жыл.

2-июнда Чолпон-Ата шаарында “Европа Биримдиги – Борбор Азия” экинчи саммити өтөт.

Бул тууралуу 30-майда президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

Саммитке Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев, Түркмөнстандын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Нурмухаммет Аманнепесов жана Европа Кеңешинин президенти Шарль Мишель катышат.

“Эки региондун ортосундагы саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташуунун учурдагы абалы жана келечек пландары талкууланат, эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер жана Борбор Азия мамлекеттери менен Европа Биримдигинин өз ара аракеттенүүсү боюнча пикир алмашуу болот”, - деп айтылат маалыматта.

Саммиттин алкагында президент Садыр Жапаров келген мамлекеттин лидерлери менен менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.

3-июнда Европа Кеңешинин президенти Шарль Мишелдин Кыргыз Республикасына расмий сапары болот. Анын алкагында президент Садыр Жапаров менен жеке жана кеңейтилген форматта сүйлөшүүлөр жүрүп, кыргыз-европалык өнөктөштүк маселелери талкууланат.

"Борбор Азия — Европа Биримдиги" саммитинин биринчиси былтыр 27-октябрда Казакстандын борбору Астана шаарында өткөн.

Европадагы 27 өлкөнүн башын бириктирген Европа Биримдиги менен өнөктөштүк жана кызматташтык тууралуу макулдашууга Кыргызстан 1999-жылы кол койгон.

Макулдашууну жаңыртуу тууралуу сөздөр 2017-жылдан бери айтылып келет. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги жаңы келишимге кол коюлганы жатканы тууралуу маалыматты былтыр апрелде да жарыялаган. Анда негизги басым саясий кызматташтыкка, соода-экономика жана инвестиция мамилелерине бурулары кабарланган.

Дагы караңыз

Дания Украинага дагы 2,6 миллиард долларлык аскердик жардам беретКыргызстанда вирустук гепатит жугузуп алгандар эки эсе көбөйдүПрезидент Жапаров Кумтөрдү алууга Аскар Акаев жардам бергенин айттыПрезидент Жапаров Бакиев келсе, камакка алынышы керектигин билдирди