Польша Беларустун 365 жаранына санкция киргизди

Беларуста камалган теги польшалык журналист Анжей Почобутта.

Беларуста теги польшалык журналисттин камалышына байланыштуу Варшава Беларустун 365 жаранына санкция киргизди. Бул тууралуу Польшанын Ички иштер министрлиги 29-майда билдирди.

26-майда Беларус соту журналист Анжей Почобутту алты жылга эркинен ажыратуу тууралуу чечимди күчүндө калтырган. Почобут Беларустун улуттук коопсуздугуна шек келтире турган аракеттерди жактаган, улуттар аралык кастыкты козуткан деген кинелер менен камалган.

Журналист өзү жана расмий Варшава бул айыптардын баары ойдон чыгарылган жана саясий мүдөөсү бар деп эсептейт.

Польшанын бийлиги менен Беларустун авторитардык башчысы Александр Лукашенконун мамилеси соңку жылдарда кескин начарлап кеткен. Буга 2020-жылдагы Беларустагы жапырт каршылык акциялары, чек арадагы миграциялык кризис жана Орусиянын Украинага кол салышы себеп болду.

Санкциялык тизмеге киргендердин арасында депутаттар, судьялар, прокурорлор, күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү, спортчулар жана башкалар бар. Аларга Шенген аймагына кирүүгө тыюу салынат жана Польшадагы активдери камакка алынат.

Дагы караңыз

ТИМ депутаттын кыздарды сыртка чыгаруу боюнча талаштуу сунушуна талдоо жүргүзөрүн билдирдиСамаркандда Мексика аркылуу АКШга жөнөтүүнү убада кылган адам кармалдыАксыда милиция жана чек ара кызматкерлери аткезчиликке шек саналып кармалды