Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:54

Аксыда милиция жана чек ара кызматкерлери аткезчиликке шек саналып кармалды


Контрабандага аралашкан милиционерлер менен чек арачылардын үйлөрүнөн табылган акча каражаттары жана курал-жарактар.
Контрабандага аралашкан милиционерлер менен чек арачылардын үйлөрүнөн табылган акча каражаттары жана курал-жарактар.

Жалал-Абад облусунун Аксы райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысынын орун басары, эки кызматкери жана аймактагы чек ара тозотторунун үч командири контрабанданы уюштурган жана кол-кабыш кылган деп айыпталып, кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) кабарлады.

Маалыматка караганда, Жалал-Абад облусунун аймагында уурдалган малдын коңшу өлкөгө өткөрүү аракеттери көбөйүп кеткендигине байланыштуу укук коргоо органдарынын иши текшерилген. Натыйжада аталган кызматкерлердин бул ишке катыштыгы бар экендиги аныкталган.

"Чек ара бөлүктөрүндө жана кармалган адамдардын үйлөрүн тинтүү маалында чоң суммадагы акча, контрабандалык товарларды өткөрүп берүү жөнүндө жазуулар, ошондой эле жөнөтүүгө даярдалып турган эл керектөөчү товарлар жана бодо мал табылган. Мындан сырткары суммасы 1 миллион 200 миң сомдук 31 куту тамекини мыйзамсыз ташып бара жаткан автоунаа кармалган", - деп жазылган атайын кызмат тараткан маалыматта.

Ички иштер министрлиги, Аксы райондук милиция бөлүмү жана Чек ара кызматы УКМКнын маалыматына комментарий бере элек. (ErN)

XS
SM
MD
LG