Испаниянын премьер-министри парламентти таркатты

Испаниянын премьер-министри Педро Санчес. 7-октябрь, 2022-жыл.

Испаниянын премьер-министри Педро Санчес парламентти таркатарын жана 23-июнда мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өтөрүн жарыялады.

Өткөн жекшембиде Санчес башында турган Социалисттик партия жергиликтүү жана муниципиалдык шайлоолордо жеңилип калды.

Добуш берүүнүн жыйынтыгында 12 аймакта, анын ичинде Мадридде консервативдик Элдик партия алдыга чыккан. Аларды шайлоочулардын 30% колдогон.

Өкмөт башчы өз чечими тууралуу падыша Филипп VI кабардар кылганын айтты. Буга чейин Испанияда шайлоо жыл соңунда өтөрү боолголонуп жаткан.

Педро Санчес Испания өкмөтүнүн башына 2018-жылдын июнь айында келген.

Дагы караңыз

ТИМ депутаттын кыздарды сыртка чыгаруу боюнча талаштуу сунушуна талдоо жүргүзөрүн билдирдиСамаркандда Мексика аркылуу АКШга жөнөтүүнү убада кылган адам кармалдыУкраина: Орус армиясы Киевди ракета менен аткылады