Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:11

Украина: Орус армиясы Киевди ракета менен аткылады


Орус армиясынын соккуларынан метродо жашырынууга аргасыз болгон тургундар. 29-май, 2023-жыл. Киев.
Орус армиясынын соккуларынан метродо жашырынууга аргасыз болгон тургундар. 29-май, 2023-жыл. Киев.

29-майда күндүзгү саат 11.00 чамасында украин баш калаасында сокку коркунучу тууралуу абадан эскертүү берилип, тургундар жер төлөлөрдө жана метро станцияларда баш калкалоого аргасыз болушту.

Күбөлөрдүн айтымында, Киевде он чакты жолу жарылуунун үнү угулду. Шаардын аскердик администрациясы билдиргендей, орус армиясынын «Искандер» ракетасынын 11и атып түшүрүлгөн.

Ал эми Киевдин мэри Виталий Кличко калаага чабуул уланып жатканын билдирип, тургундарды коопсуз жайларга жашырынууга чакырды.

«Душман баллистикалык ракеталарды, алдын ала маалыматтар боюнча «Искандерлерди» колдонгон. С-300 жана С-400 ракеталары колдонулушу мүмкүн», - деди украин куралдуу күчтөрүнүн расмий өкүлү Юрий Игнат.

Киев 29-майга караган түнү да аткылоого кабылган.

Орусиянын Украина менен чектеш аймагында жайгашкан Белгород облусунун губернатору украин күчтөрү бир нече аймакты аткылаганын 29-майда Телеграм аркылуу билдирди.

Вячеслав Гладков чек аралаш Шебекино шаарын аткылоодо төрт киши жаракат алганын, бир нече калктуу конуш электр жарыгысыз калганын кошумчалады.

Согуш шартында тараптардын билдирүүлөрүн тактоого мүмкүн болбой жатат.

XS
SM
MD
LG