Косоводо жергиликтүү сербдер мэрияга кирүүгө аракет кылышты

Косовонун Звечан аймагында жергиликтүү бийликтин имаратын кайтарып турган полиция кызматкерлери.

Косовонун түндүгүндө этникалык сербдер жергиликтүү бийликтин имаратын басып алууга аракет кылышты. Звечан аймагында мэриянын имаратын Косово полициясы жана НАТО күчтөрү курчап турушту. Ушул жерде жана башка үч аймакта апрель айында мөөнөтүнөн мурда өткөн шайлоодо этникалык албандар жеңген.

Косовонун 1,8 миллион калкынын 5% этностук сербдер түзөт. Алар апрель айында өткөн шайлоого бойкот жарыялашкан.

26-майда сербдер жакында эле шайланган албандарды иш кеңселерге киргизбегенге аракет кылышты. Косово полициясы чогулгандарды таркатуу үчүн жаш чыгарчу газ колдонду. Ортодогу кагылышууда ондогон сербдер жана беш косоволук полиция кызматкери жаракат алды. Ал эми Косово менен чек арадагы сербиялык аскерлер дароо күжүрмөн даярдыкка келтирилген.

Кошмо Штаттар жана Евробиримдик Косово өкмөтүн полицияны колдонуп, кырдаалды курчутканы үчүн айыптады.

26-майда Белградда өз тарапташтарынын алдында сүйлөп жатып, Сербиянын президенти Александр Вучич «эгер Косовонун түндүгүндө сербдерге кол салуу болсо, Сербия жөн карап турбайт» деди.

2008-жылы Косово Республикасы бир тараптуу түрдө Сербиядан көз карандысыздыгын жарыялаган. Аны Евробиримдиктин көптөгөн мамлекеттери жана АКШ, ошондой эле БУУга мүчө өлкөлөрдүн көбү тааныган. Ондогон мамлекеттер анын ичинде Орусия, Украина, Кытай, Индия тааныган эмес. 2013-жылдан бери Белград менен Приштина мамилени Евробиримдиктин ортомчулугу менен жөнгө салуу аракетин көрүүдө.

Дагы караңыз

Сузакта салюттан окуучу жабыркап, директор иштен алынды ЖРТны жоюш керек дегендерге же тоталитардык доордон калган “салт”УКМКнын борбордук аппаратынын жаңы имараты курула баштады