Air Products Өзбекстандагы заводго 1 миллиард доллар инвестиция салат

Кашкадарыя аймагындагы "Өзбекмунайгазга" таандык ишкана.

Америкалык Air Products компаниясы Кашкадарыя облусунун Гузар районундагы жаратылыш газын кайра иштетүүчү заводду өнүктүрүүгө 1 миллиард доллар инвестиция салат. Бул тууралуу Өзбекстандын Инвестициялар, өнөр жай жана соода министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, Air Products компаниясы менен "Өзбекмунайгаз" ишканасынын ортосундагы тиешелүү инвестициялык келишимге 25-майда кол коюлду.

"Бул келишим сапаттуу жана арзан отун өндүрүшүн камсыздап, калктын өсүп жаткан суроо-талабын канааттандырат. Биз бул узак мөөнөттүү жана туруктуу өнөктөштүк уланат деп ишенебиз", – деди Air Products компаниясынын башчысы Сейфи Гасем.

Uzbekistan GTL – синтетикалык суюк отун өндүрүү менен алектенген дүйнөдөгү бешинчи комплекс болуп эсептелет. Ал 2021-жылы ачылган.

2021-жылы октябрда Жызак облусуна барган президент Шавкат Мирзиёев Гузар районунда 3,6 миллиард долларга жаратылыш газын суюк отунга айландыруу боюнча завод курулуп бүткөнүн билдирген.

Дагы караңыз

"ЖККУ маселе чечпейт". Армениянын Кремлге нааразылыгы Гүлнаранын миллиондору: премьер Ариповдун карааныКотельники шаарында кармалган тажик мигранттары бошотулду“Туткундагы жоокерлердин көбү кайтпай калган”Алтымыш жашында студент болгон Калысбек