Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:22

"ЖККУ маселе чечпейт". Армениянын Кремлге нааразылыгы


ЖККУга каршы акция. Ереван, 22-ноябрь 2023-жыл
ЖККУга каршы акция. Ереван, 22-ноябрь 2023-жыл

Армениянын премьер-министри "Ереван Жамааттык коопсуздук келишим уюмунан (ЖККУ) чыгышы ыктымал" деп билдиргенден кийин Москва дароо реакция кылып, аскердик альянс натыйжалуу иштеп жатканын айтууда. Армян бийлиги ЖККУну Азербайжан менен жаңжалда так позицияны ээлебегени үчүн сындап келатат.

Никол Пашинян блоктогу мүчөлүк коопсуздук жаатында башка мамлекеттер менен кызматташууга тоскоолдук түзгөнүн белгиледи. Орусиялык айрым аналитиктер Армения Батышка ооп жатат деп эсептейт.

Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу 25-майда Жаматтык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) жыйынында Армениянын альянстын алкагындагы биргелешкен иш-чараларга катышуусу маанилүү экенин билдирди.

"Армения – уюмдун мүчөсү, биздин өнөктөшбүз. Тынчтык орнотууга кызыкдарбыз жана Түштүк Кавказдагы кырдаалды турукташтыруу үчүн бар аракетибизди жумшап жатабыз. Армениянын ЖККУнун алкагындагы оперативдүү жана аскердик даярдык иш-чараларына катышуусу маанилүү деп белгилейт элем", - деди Шойгу.

Коргоо министрлеринин Минск жолугушуусуна Еревандын атынан уюмдун Биргелешкен штабындагы өкүлү катышты. Министр Сурен Папикян беларус баш калаасына барган жок.

"Пайдадага караганда зыян алып келүүдө"

Никол Пашинян. Ереван, 2023-жылдын 22-майы.
Никол Пашинян. Ереван, 2023-жылдын 22-майы.

22-майда Армениянын премьер-министри Никол Пашинян Ереван ЖККУ маселелерди чечүүгө жөндөмсүз деп тапса, андан чыгышы ыктымал экенин, ушундай маселе күн тартибинде турганын, азыр талкуу жүрүп жатканын билдирген.

"Маселе күн тартибинде кала берүүдө. Талкуулай турган маселе болсо, талкуулана берет. Мониторинг тобу Арменияга келеби же жокпу, эмнеге келбей жатат деп көп айтылып жүрөт. Биз муну ачык эле айтып келатабыз. Армения де-юре ЖККУдагы мүчөлүгүн биротоло же убактылуу токтотушу мүмкүн дегенди жокко чыгара албайм. Мындай кадамга ЖККУ Армениядан чыгып кеткенин түшүнсөк гана барабыз. Андай болсо, биз эмне кыла алмак элек?”.

Өкмөт башчы эч нерсеге арзыбаган мүчөлүк макамы Ереванга башка өлкөлөр менен коопсуздук маселелерин талкуулаганда тоскоолдук кылып келатканын, Армениянын башка жерлерден курал-жарак же аскердик жабдууларды сатып алуу мүмкүнчүлүгү бар экенин кошумчалады.

Пашинян ЖККУну өз милдеттенмелерин аткарбаганы, Армения-Азербайжан жаңжалында так позицияны ээлебегени үчүн буга чейин бир нече жолу сындаганы менен Ереван аскердик блоктон чыгууну көздөйт деп түз айткан эмес. Армения уюмга ал түптөлгөндө - 1992-жылы кошулган.

ЖККУнун машыгуусу. Хатлон, 21-октябрь 2023-жыл
ЖККУнун машыгуусу. Хатлон, 21-октябрь 2023-жыл

Өлкөнүн альянстан чыгуу ыктымалдыгы тууралуу былтыр күздө Коопсуздук кеңешинин катчысы Армен Григорян билдирген. Ноябрдагы саммитте Пашинян орус президенти Владимир Путинге уюмдун иши ордунан чыкпаганын айтып, жыйынтыктоочу декларацияга кол коюудан баш тарткан. Быйыл жыл башында Ереван биргелешкен машыгуу өткөрбөөнү чечсе, мартта ЖККУнын жетекчилигиндеги квоталардан баш тарткан.

Армениялык саясат таануучу Рубен Меграбян уюмдун пайдасына караганда зыяны көбүрөөк, аны Орусия өз кызыкчылыктарына пайдалануу үчүн түзгөн деген пикирде.

"Өз шоруна ошол блокко кошулуп калган өлкөлөрдү Москва көзгө илбейт. Орус жетекчилиги азыр атүгүл "мурдагы советтик аймак бүтүндөй орус жери болчу" деген билдирүүлөрдү жасап жатканын көрүп атабыз. Андайды укканда бардыгыбыз коркунуч тооруп турганын түшүнөбүз. Коркунучтy алдын алуу үчүн деп түптөлгөн ЖККУ ал уюмга мүчөбү же жокпу, ар бир постсоветтик өлкөгө коркунуч жаратуучу генераторго айланды. Себеби, Москванын алкымы араандай ачылууда. Баса, Украинадагы согушка дагы ушул себеп алып келген десек болот. Орусиянын империялык долбоорлору Украинаны жутуп албаса, ишке ашпайт".

Орусиядагы бийликчил эксперттердин айрымдары Пашинянды батышчыл позициясы үчүн сындап жүрүшөт.

Москва үстөмдүк кылган ЖККУга Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан, Орусия жана Тажикстан кирет.

Москванын сыны жана Пашиняндын жообу

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Пашиняндын соңку айткандарын комментарийлеп, ЖККУну эффективдүү уюм деп эсептерин, Армения менен диалог уланарын айтты.

Ал эми орус Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарованын реакциясы армян өкмөт башчысынын катуу сынына кабылды.

Шаршемби күнкү брифингде Захарова: "Бул – Армениянын ЖККУдан чыгуу позициясын сүрөөнгө алуу үчүн айтылган кеп болсо, менимче, сөздөрдүн манипуляциясы канчалык кооптуу экенин түшүнүү зарыл", - деп айткан.

"Арменпресс" агенттигинин маалыматына караганда, Пашинян орус тышкы саясий мекемесинин өкүлү анын сөздөрүн комментарийлебестен, аларды маалымат катары кабыл алууга тийиш деп белгиледи.

"Мен Орусиянын президенти жана өкмөт башчысы менен сүйлөшөм. Орусиядай урматтуу жана дос мамлекеттин Тышкы иштер министрлигинин өкүлү менин айткан сөздөрүмө комментарий кыла албайт".

Ереванды Бакуменен мамилени жакшыртууга эмне түртүүдө?

Дүйшөмбү күнкү маалымат жыйынында Пашинян Ереван өзүн-өзү “Тоолуу Карабак Жумурияты” деп атаган аймакты Азербайжандын бир бөлүгү деп таанууга даяр экенин да билдирген. Бирок бул үчүн Баку аймакта жашаган этникалык армяндардын коопсуздугун камсыздоого тийиш деген шарт койгон.

“Новая газета. Европа” басылмасынын башкы редактору Кирилл Мартынов “Свобода” радиосуна курган маегинде, үмүт арткан жападан жалгыз союздашың Орусия болсо, мындай кадамга баруудан башка аргаң калбайт деген пикирин ортого салды.

Кирилл Мартынов
Кирилл Мартынов

“Эч кимге Владимир Путиндей өнөктөштү каалабайт элем. Анын жана аткаминерлеринин, атайын кызматынын "дүйнө картинасында сен өнөктөш өлкөдөн баарын сыгып алып, оккупациялап алсаң болот анан орус-армян достугу кылымдар бою гүлдөй берет деп айтууга болот" деген көз караш өкүм сүрөт. Мындай сценарийдин алдын алуу үчүн Пашинян Азербайжан жана Түркия менен мамилелерди жакшыртууга тарыхый кадам таштап жатат”.

25-майда Пашинян жана Путин катышкан Москвадагы үч тараптуу жолугушууда Азербайжандын президенти Илхам Алиев Армения менен мамилелерди жөнгө салууга олуттуу негиз бар деп билдирди.

Алиев менен Пашиняндын кайым айтышы

Москвада 25-майда өткөн Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин кеңейтилген жыйыны Армениянын өкмөт башчысы менен Азербайжан президентинин кайым айтышуусу менен аяктады. Илхам Алиев ал жакка конок катары барган.

“Кесиптештер, бүгүнкү бирдиктүү иш жана кызматташуу үчүн ыраазычылык билдирем. Эми сөздү Евразия комиссиясынын башчысына берсем…”, -деген орус президенти Владимир Путиндин сөзүн Армениянын өкмөт башчысы Никол Пашинян кескин бөлдү.

“Кечириңиз, Владимир Владимирович. Айта турган сөзүм бар. Азербайжандын президенти өз сөзүндө Армениянын аймактык бүтүндүгүнө шек келтирчү сөздөрдү колдонду. 2020-жылдын 9-ноябрындагы үч тараптуу билдирүүдө бир гана коридор тууралуу сөз болгон - Лачын коридору. Аны Орусиянын тынчтык күчтөр көзөмөлдөшү керек эле. Тилекке каршы, бул коридорду Азербайжан мыйзамсыз жаап салган”.

Пашиняндын мындай реакциясы Алиевдин “Зангезур коридору” деген сөздү колдонгонуна карата жасалды. Азербайжандын президенти армян премьер-министрине дароо жооп кайтарды:

“Мен да жооп берейин. Азербайжан бир да коридорду жапкан эмес. Ал эми Лачындан Ханкендиге чейин бара турган коридорду айтсак, ал ачык. Армения менен Азербайжандын чек арасында эл аралык нормалага жооп берген чек ара бекети бар. Ал өткөрмө пункт орусиялык тынчтык күчтөрү жайгашкан аймактан 20 метрдей алыс турат. Ушул күндө Карабакта армян тектүү Азербайжандын жарандары жашашат. Алар Арменияга ушул өткөрмө бекет аркылуу эркин кирип-чыгып турушат. Эч кандай тоскоолдук жок".

Эки лидердин ортосундагы кайым айтышуу он мүнөткө созулуп, орус президентинин кийлигишүүсү менен аяктады. Анын алдында Пашинян менен Алиев эки өлкө бири-биринин аймактык бүтүндүгүн таанунун негизинде көптөн бери уланып жаткан жаңжалды жайгарууда соңку күндөрү кандай бир жылыштар болгонун билдиришкен.

Илхам Алиев Ереван менен алакаларды оңдоо үчүн олуттуу мүмкүнчүлүктөр бардыгын айтты. 22-майда Никол Пашинян Армения Тоолуу Карабакты Азербайжандын бир бөлүгү деп таанууга даяр экенин, бирок бул үчүн Баку аймакта жашаган этникалык армяндардын коопсуздугун камсыздашы зарылдыгын белгилеген.

Евразия экономикалык кеңешинин кеңейтилген жыйынынан кийин Армения менен Азербайжандын лидерлери түн ортосунда орус президенти Владимир Путин менен жолугушту.

ТАСС агенттиги жазгандай, Владимир Путин жолугушууда “көптөгөн кыйынчылыктарга жана көйгөйлөргө карабастан, кырдаал чечиле турган багытта өнүгүп жатат жана Армения менен Азербайжандын ортосунда калган маселелер негизинен техникалык өңүттө жана чечилчүдөй” деп айткан.

Ереван менен Баку ондогон жылдардан бери Тоолуу Карабак аймагы үчүн жаңжалдашып келет.

XS
SM
MD
LG