Орусиянын Краснодар шаарындагы жардырууга дрон чабуулу себеп болушу ыктымалдыгын Telegram каналдар жазышты.
26-майда таңга жуук калаанын Морская көчөсүндөгү жардырууда кеңселер жайгашкан имараттын, турак жайдын чатыры жана терезелери зыян тартканын шаар бийлиги билдирди. Адам өмүрү кыйылган эмес.
Baza Telegram каналы алдын ала маалыматтарга караганда шаарга эки учкучсуз учак чабуул жасап, алардын бири атып түшүрүлгөнүн жазды.
Расмий түрдө окуянын себептери айтылган жок, "Краснодар Онлайн" жана Baza каналдары дрон тартылган видеону жарыялашты. SHOT каналы учкучсуз учактын калдыктары деген сүрөттү чыгарды.
Краснодар менен Украинанын фронт аймагындагы аралык болжол менен 330 км.
"Свобода" радиосу Ростов жана Белгород облустарына да чабуул коюлганын жазды. Бирок бул соккуларга эч ким жоопкерчилик алган жок.
Дагы караңыз
Кыргызстандагы сөз эркиндигинин азыркы абалы талкууланууда Украина аймактары кайрадан жапырт аткылоого кабылдыРавшан Жээнбековдун жубайына коюлуп жаткан айып боюнча маалымат берилди