Human Rights Watch (HRW) уюму Өзбекстандын бийлиги убада бергенине карабай жарандардын дин тутуу эркиндигин чектөөнү улантып жатканын билдирди. Бул тууралуу эл аралык укук коргоо уюмунун 24-майда жарыяланган баяндамасында айтылат.
Баяндаманын авторлору Шавкат Мирзиёев бийликке келгенден кийин мусулмандарды жапырт камакка алуу көрүнүштөрү токтоп, ишеними же тынч диний ишмердүүлүгү үчүн камалган жүздөгөн адам бошотулуп, миңдеген киши атайын кызматтын "кара тизмесинен" чыгарылганын белгилешкен.
"Бирок өзбек өкмөтү динди мурдагыдай эле коркунуч катары көрүп, жарандарга негизсиз чектөөлөрдү киргизүүдө", – деп жазылган баяндамада.
Укук коргоочулар буга бир нече фактыны келтиришкен.
Баяндамада Өзбекстанда формалдуу түрдө дин өкмөттөн ажыратылганы менен аткаминерлер Муфтият, Дин иштери боюнча мамлекеттик комитет сыяктуу мекемелер аркылуу өлкөдөгү динди көзөмөлдөп жатканы белгиленген.
Соңунда укук коргоочулар эл аралык өнөктөштөрүн БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинин мүчөсү болуп эсептелген Өзбекстанды жарандардын дин тутуу эркиндигин сыйлоого чакырууга үндөшкөн.
Быйыл Өзбекстанда эки студент Телеграм каналдарда диний ыр таратканы үчүн камакка алынды.
Дагы караңыз
Ташиев коррупцияга каршы күрөштөн 11 млрд. сом түшкөнүн билдирдиДепутат Осмонов "негативди токтотпогон" ЖМКлар жабылышы мүмкүндүгүн айттыАКШ санкция салган Токмоктогу компаниянын таржымалы Гүлнаранын миллиондору: премьер Ариповдун карааныБаку менен Ереван аймактык бүтүндүктү таанууну макулдашты