Кыргызстандын ВИЧ/СПИДге, кургак учукка жана безгек оорусуна каршы күрөшүү боюнча комитетинин курамын жана Жобосун жаңылоо ишин сектор аралык жумуш тобу аткарарын 25-майда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, жумуш тобун түзүү тапшырмасы Саламаттык сактоо министрлигине жүктөлдү.
Маселе Министрлер кабинетинин алдындагы Коомдук саламаттыкты сактоо боюнча координациялык кеңештин жаңыланган курамынын өкмөт башчынын орун басары Эдил Байсалов өткөргөн алгачкы отурумунда талкууланды. Отурумда комитеттин ишмердүүлүгү тууралуу маалымат угулду.
ВИЧ/СПИДге, кургак учукка жана безгекке каршы күрөшүү боюнча өлкөлүк комитет Коомдук саламаттыкты сактоо боюнча координациялык кеңешке караштуу орган. Ал СПИДге, кургак учукка, безгекке жана гепатитке каршы күрөшкөн глобалдык фонддун ишин жүзөгө ашыруу менен алектенет.
Өткөн айда бул маселе Жогорку Кеңеште талкууланган. Депутат Жылдыз Садырбаева аталган фонддон каражат алууга арыз мыйзам бузуу менен жазылганын, координациялык комитетте “кызыкчылыктар кагылышы” бар экенин айтып чыккан. Эдил Байсалов фонддун ишмердүүлүгү боюнча Кыргызстан тараптын координациялык кеңешинин курамы кайра каралып чыгарын билдирген. Ошол эле жыйында глобалдык фонддун Кыргызстанга бөлө турган 29 миллион долларына байланыштуу талаш-талкуу жаралган.(RK)
Дагы караңыз
FH: Кыргызстан автократияга оодуЭкинчи деңгээлдеги санкциялар: "Бакай банк" Батышка үн катты Жапаров Айыл чарба министрлигинин иши кайра каралып чыгарын айттыСузак: Өз кызын зордуктаган киши өмүрүнүн аягына чейин соттолду