Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:28

Жапаров Айыл чарба министрлигинин иши кайра каралып чыгарын айтты


Өкмөт башчы Акылбек Жапаровдун айыл чарба тармагынын жетекчилери менен жолугушуусу.
Өкмөт башчы Акылбек Жапаровдун айыл чарба тармагынын жетекчилери менен жолугушуусу.

Айыл чарба министрлигинин ишин толугу менен кайра карап чыгуу керектиги, ага сентябрь айында тиешелүү баа берилери айтылганын 24-майда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров министрликтин жана тармактын жетекчилери менен жолугушуп, бул тармак дээрлик бардык багыттарда «артта калып жатканын» белгиледи.

“Балык уулоо, сүт азыктары, мал чарбачылыгы, минералдык жер семирткичтерде, үрөндөрдө “кемчилик” бар. Агрардык өлкө катары бизде чоң мүмкүнчүлүктөр бар. Өткөн жылы эле айыл чарбасын каржылоого 26 миллиард сом бөлүнсө, быйыл 20 миллиард сом каралган. Бирок азырынча ишиңиздердин реалдуу жыйынтыгын көрө элекпиз. Өткөн жылы жакшы темп алып, бирок быйыл иш солгундай баштады”, - деди Жапаров.

Ал ошондой эле министрликтин Орусиянын Кыргызстандын айыл чарба продукциясын экспорттоого киргизген чектөөлөрүн алып салуу боюнча ишин сынга алды.

Эки ай мурда айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков президент Садыр Жапаров менен жолукканда 2022-жылы агро өнөр жай тармагындагы дүң продукциянын өсүшү 2021-жылга салыштырганда 7% ашык болгонун, дыйкандарга сертификацияланган үрөн таратуу жана аларды минералдык жер семирткичтер менен камсыздоо боюнча жетиштүү иштер аткарылганын айткан. Ал ошондой эле Кыргызстанда өндүрүлгөн агропродукцияны экспорттоо көлөмү көбөйүп, тышкы рыноктордо алардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгү жакшырганын белгилеген. (RK)

XS
SM
MD
LG