Мектептерде акыркы коңгуроо салтанаты өтүп жатат

Акыркы коңгуроо, Ош. 25-май, 2023

Бүгүн, 25-майда Кыргызстандын мектептеринде кезектеги окуу жылынын аякташына байланыштуу акыркы коңгуроо салтанаты өтүп жатат.

Билим берүү жана илим министрлиги мектептеги салтанаттан кийин кафе-ресторандарда, парктарда майрам уюштурууга, жаратылышка чыгууга тыюу салынарын буга чейин да эскерткен.

Бардык билим берүү башкарамалыктары, бөлүмдөрдүн өкүлдөрү буга байланыштуу нөөмөттө болот. Ички иштер министрлиги ата-энелерге кайрылып, бул күнү балдарга машина бербөөгө чакырган.

Быйыл 9-11- класстарды Кыргызстан боюнча 180 миңден ашуун улан-кыз аяктайт. Алардын 70 миңге жакыны 11-классты бүтүрүп жатат.

Өткөн жылы Кыргызстанда акыркы коңгуроо салтанаты 9-июнда өткөн. Буга короновирус пандемиясынан улам окуу жылынын кечирээк башталганы себеп болгон. (КЕ)

Дагы караңыз

Республикачыл Рон Десантис президенттикке талапкер болорун жарыяладыТашиев коррупцияга каршы күрөштүн экинчи этабы "өтө оор" болорун эскерттиАмерикалык белгилүү ырчы Тина Тёрнер көз жумдуТүркмөн полициясы эки аялды "туура эмес кийинди" деген жүйө менен кармады