Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:52

Республикачыл Рон Десантис президенттикке талапкер болорун жарыялады


Флориданын губернатору Рон Десантис.
Флориданын губернатору Рон Десантис.

Флорида штатынын губернатору, республикачыл Рон Десантис 2024-жылдагы президенттик шайлоого талапкер катары катышуу үчүн АКШнын Федералдык шайлоо комиссиясына билдирме тапшырды.

Ал Республикачылар партиясынан талапкер болгон мурдагы президент Дональд Трампка атаандаш болот. Бир нече сааттан кийин Десантис талапкерлигин койгонун өзүнүн Twitter баракчасына жазды, Twitter Spaces платформасында Илон Маск менен сүйлөшкөнүн жарыялады.

Маск жана анын көптөн берки досу жана шериги Дэвид Сакс катышкан бул презентация техникалык мүчүлүштүктөр менен коштолду: алгач 300 миң адам кошулган берүү “катып” калып, көпкө үзгүлтүккө учурады, - деп белгилейт Би-Би-Си.

Бир убактарда сурамжылоолордо Десантис Трамптан озуп чыгып, азыркы президент Жо Байдендин негизиги атаандашы катары каралып жаткан.

Акыркы бир нече аптада республикачылар арасында анын популярдуулугу түшүп, Трамптан кыйла артта калган.

"Америка авазы" "Десантис Байденди жеңе ала турган жападан жалгыз республикачыл талапкер болушу мүмкүн, бул анын талапкерлигин жактай турган негизги аргумент" деп жазды.

"Акыркы жылдары биздин партияга таасирин тийгизген жеңилүү маданиятынан баш тартышыбыз керек. Актануу үчүн убакыт бүттү", - деди Десантис ушул айдын башында Айова штатындагы иш-чарада.

Губернатор штатта бойдон алдырууну катуу чектеген, тургундардын жашыруун курал алып жүрүүсүн жеңилдеткен, студенттерге жеке мектептерге барууга уруксат берүү үчүн ваучер программасын кеңейткен жана мамлекеттик университеттердеги инклюзивдик программаларды каржылоону жокко чыгарган чараларга кол койгон.

Десантис мамлекеттик мектептерде гендердик иденттүүлүк концепцияларын окутууга тыюу салган мыйзамдарды сындаганы үчүн Walt Disney Co менен күрөшүн улантууда. Аталган компания Десантис жазалоо үчүн штаттын өкмөтүн курал катары колдонуп жатканын айтып, федералдык сотко кайрылган.

Февралда түштүк Каролина штатынын экс-губернатору жана АКШнын БУУдагы мурдагы элчиси Никки Хейли Республикачылардын партиясынан талапкер болорун жарыялаган.

Жо Байден Американын 46-президенти болуп, 2021-жылы шайланган. Ал АКШ тарыхындагы эң улгайган мамлекет башчы. Азыр 80 жашта.

XS
SM
MD
LG