Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен коррупцияга, оор жана өтө оор кылмыштарга каршы күрөштүн экинчи этабы башталып жатканын билдирди. Атайын кызматтын башчысы бул тууралуу 24-майда Фейсбуктагы баракчасына жазып, күрөштүн биринчи этабы эки жарым жылга созулганын белгиледи.
"Экинчи этапты баштоо алдында турабыз, бул этаптын алкагында мыйзам чегинде жазаларды максималдуу колдонобуз, буга чейин колго түшкөн коррупционерлер келтирген зыянын бир нече эсе төлөп, анан соттун чечими менен жеңилирээк жаза алып кутулуп келген. Эми биз коррупционер келтирген зыянды эле эмес, колундагы бардык мүлкүн жана соттон мыйзамдын беренесинде каралган эң жогорку жазаны чектейбиз, көзөмөлдөйбүз".
Ташиев "күрөштү улантуу өтө оор болорун" белгилеп, жеке өзүнө "баладан, бир туугандан, дос-жолдоштордон, туугандардан баш тартууга туура келерин" жазды.
Ал мамлекеттик кызматта иштегендерге кайрылып, мыйзамды бузбай ишин так аткарууга чакырды. "Бир да адам мыйзамсыз жоопкерчиликке тартылбайт" деп кошумчалады.
2020-жылдагы Октябрь окуясынан кийин келген бийликтин алгачкы демилгелеринин бири мамлекеттин эсебинен мыйзамсыз байлык топтогон жемкорлорго экономикалык мунапыс жарыялоо болду. 2021-жылы өкмөт республикалык бюджетти колдоо үчүн депозиттик эсеп ачкан. Эсепке экономикалык мунапыстын жана кылмыштуу жол менен жыйнаган каражаттарын мыйзамдаштыруунун алкагында алынган акча түшөрү жарыяланган.
Күрөштүн алкагында мурунку жана азыркы бир топ аткаминерлер ар кандай кылмыштарга шек саналып кармалып, көпчүлүгү казынага белгилүү суммада акча төлөп, абактан чыгууда.
Президент Жапаров быйыл апрелде "Кабар" агенттигине курган маегинде Башкы прокуратура, УКМК, ИИМ баарын бириктиргенде эки жарым жылда 10 миллиард сомдон ашык акча чогулганын билдирген.
Кыргыз бийлиги ким канча акча төлөп чыкканын жарыялаганы менен, ал каражаттын кайда жумшаларын купуя кармайт. Коомчулукта муну “кустуруу” жараяны деп аташып, сындагандар да, колдогондор да бар. (ZKo)
Дагы караңыз
Абактагы талапкер Жээнбеков үгүт жүргүзүү укугу бузулганын айтып чыкты"Чындыкты таап чыгабыз". Коомдук комиссиянын макамы жана максатыОрусия Эван Гершковичтин тергөө абагындагы мөөнөтүн үч айга узарттыБилим берүү мекемелеринде тарых сабагы 3D форматында окутула баштайт Казак-өзбек чек арасындагы өткөрмө бекеттер күчөтүлгөн тартипке өттү