Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:23

Казак-өзбек чек арасындагы өткөрмө бекеттер күчөтүлгөн тартипке өттү


Жүк ташыган автоунаалардын агымы көбөйгөнүнө байланыштуу Өзбекстан менен Казакстандын ортосундагы көзөмөл-өткөрмө бекеттер күчөтүлгөн иш тартибине өттү. Бул тууралуу Казакстандын Каржы министрлигине караштуу Мамлекеттик кирешелер комитети билдирди.

"Жүк ташуучу унаалардын чек арадан өтүүсүн тездетүү үчүн бажы постторунун штаты толукталды. Диспетчердик башкармалык күнү-түнү иштөө режимине өттү", – деп жазылган комитеттин билдирүүсүндө.

Адатта май айында Казакстанга Өзбекстандан жашылча-жемиш ташыгандар көбөйөт. Алардын негизги бөлүгү Казакстан аркылуу Орусияга жөнөтүлөт. Учурда Казакстандын Түркстан облусундагы үч көзөмөл-өткөрмө бекети аркылуу суткасына 900-1000 жүк ташуучу машине өтүп жатат.

XS
SM
MD
LG