Улуу Британиянын коргоо министри Бен Уоллес 24-майда Киевге барды. Анын сапары тууралуу коомчулукка алдын ала маалымдалган эмес.
Бен Уоллес украиналык кесиптеши Алексей Резников менен жолугушту. Украинанын Коргоо министрлиги алар коопсуздук маселесин талкуулашканын билдирди.
Бул сапар украиндердин Орусиянын баскынчылыгына каршы күрөшүн колдогон жана ондогон өлкөлөрдөн турган Украинаны Коргоо, байланыш тобунун (UDCG) онлайн жыйынына бир күн калганда жасалды.
Орус күчтөрү Украинанын аймактарын аткылоону улантууда. Бир күн мурун Херсонго жасалган чабуулда эки жайкын тургундун өмүрү кыйылган.
Украин президенти Владимир Зеленский 15-майда Лондонго барган. Улуу Британия Киевге узакка уча турган жаңы чабуулчу учкучсуз учактарды берген. Украиналык учкучтарга F-16 учактарын башкарууну үйрөтө турганы расмий кабарланган. Андан мурдараак Лондон Киевге узак аралыкка уча алган Storm Shadow канаттуу ракеталарын жөнөткөнү белгилүү болгон. Москва буга тиешелүү жооп кайтарыларын айткан.
Дагы караңыз
Мэрия "Батумини" буздуруу боюнча маалымат бердиЖРТны жоюу же босого баллды азайтуу сунушуна министр каршы чыкты Дары-дармек департаментинин директору пара алууга шек саналып кармалдыОоганстанда селден алты адамдын өмүрү кыйылды