Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:38

ЖРТны жоюу же босого баллды азайтуу сунушуна министр каршы чыкты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев парламенттин 24-майдагы жыйынында Жалпы республикалык тестирлөөнүн босого баллын төмөндөтүү сунушуна каршы пикирин билдирди. Министр бүгүнкү күнү мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн дээрлик 80% жалпы тестирлөөдөн 110 упай да ала албай жатканын айтты.

"Биз ЖРТнын упайын төмөндөтө албайбыз, тескерисинче көбөйтөбүз. Антпесек, балдар окубай коюп атышат. Балдар жогорку окуу жайына окубаса да, мектептин программасын өздөштүрүүгө тийиш".

Каныбек Иманалиевдин маалыматына караганда, былтыр ЖРТнын жыйынтыгында балдардын басымдуу бөлүгү босого упай - 110 упайды албай калган 26 мектептин директорлору жана райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары кызматтан алынган.

Сессияда депутат Шайлообек Атазов аймактардан ЖРТны жоюу же босого баллды азайтуу тууралуу сунуштар түшүп жатканын, анын кереги жок деген көз караштар бар экенин билдирген.

2022-2023-окуу жылындагы бүтүрүүчүлөрдүн Жалпы республикалык тестирлөө сынагы 19-майда башталып, 24-майда аягына чыкты. Тестирлөөнүн жыйынтыгы бир айдын ичинде маалым болот.

2022-жылы Кыргызстанда ЖРТ сынагын 50 154 бүтүрүүчү тапшырган. Эң жогорку 235 упайды баш калаанын №70 мектеп-гимназиясынын окуучусу алган. "Алтын сертификатка" 57 окуучу татыктуу болгон.
Орточо упай 124,4 болгон.

Былтыркы ЖРТнын босого упайы 110 упай деп белгиленген.
2021-жылы эң жогорку көрсөткүч 232 упай болсо, 2020-жылы 229 упай болгон.

Жыл сайын 40 миңден ашуун бүтүрүүчү жалпы республикалык тестирлөөгө катышат. Анын жыйынтыгына жараша аларда жогорку окуу жайларга бюджетке өтүү мүмкүнчүлүгү болот.(ZKo)

XS
SM
MD
LG