Милиция Чүй районунун тургунун энесинин өлүмүнө шек санап кармады

21-майда Чүй районунда 68 жаштагы аялдын сөөгү өзү жашаган үйүнөн табылган. Милиция кызматкерлери аял токмоктон улам көз жумганын аныктап, "Киши өлтүрүү" беренеси менен кылмыш ишин козгогон.

Облустук ички иштер башкармалыгы (ОИИБ) маалымдагандай, тиешелүү экспертизанын жана ыкчам жургүзүлгөн аракеттердин натыйжасында маркумдун өлүмүнө шек саналып, анын 46 жаштагы уулу кармалган. Кармоо учурунда ал мас абалында энесине кол көтөргөнүн айткан.

Тергөө иштери уланууда.

Расмий маалыматтарга ылайык, Кыргызстанда жыл сайын Ички иштер министрлигине үй-бүлө зомбулугу фактысы боюнча 10 миңден ашуун арыз түшөт. Акыркы эки жылда 20дан ашуун аял зомбулуктун курмандыгы болгон.(ZKo)

Дагы караңыз

Чуулгандуу маек: Апрелчилер Кошалиевге каршы чыктыОрусияда аскерге чакырылгандар чет өлкөгө чыга турган паспортун тапшырууга милдеттүү"Балдарыбыз согушта кырылып жатат". Хакасиялыктар Путинге кайрылды "Манас" оркестринен кеткен музыканттар "Ойнону" түздү Kaktus.media басылмасына каршы арыз боюнча сот чечими чыкты