Мамлекеттик өнүктүрүү банкына жаңы жетекчи болуп Талант Өмүралиев бекитилди. Мындай чечим банктын директорлор кеңешинин 23-майдагы жыйынында кабыл алынганын Мамлекеттик мүлк фондунан “Азаттыкка” маалымдашты.
Директорлор кеңешинин дагы бир чечимине ылайык, банктын мурдагы жетекчиси Улан Сарбанов башка ишке өтүп жатканына байланыштуу ээлеген ордунан бошотулду. Ал Мамлекеттик өнүктүрүү банкын быйыл, 19-апрелден тартып жетектеп келе жаткан.
"Азаттыктын" ишенимдуү булактарынын маалымдашынча, Сарбанов жакында эле жетекчиси коррупцияга шектелип кармалган Кыргыз-венгер өнүктүрүү фондунун башкармалыгына башчы болуп дайындалат. Азырынча бул маалыматты расмий тастыктоо мүмкүн болгон жок.
Сарбановго чейин Мамлекеттик өнүктүрүү банкын Евгения Судец башкарып келген. Ал 13-апрелде өз арызынын негизинде кызматтан кеткен. Мурдагы орус жараны Евгения Судец буга чейин көп жылдар бою Орусиянын ВТБ банкынын тутумунда ар кандай жетекчилик кызматтарды аркалаган
Судецтин аты мамлекеттик “Альфа Телеком” ишканасы (мурдагы MegaCom, азыркы Mega мобилдик байланыш компаниясы) 14,6 миллиард сомго бааланып, сатыкка коюлганына байланыштуу чыккан журналисттик иликтөөдө аталган.
Кыргызстанда мамлекеттин 100% үлүшү менен Мамлекеттик өнүктүрүү банкы өткөн жылы түзүлгөн.(ZKo)
Дагы караңыз
Өкмөт мамлекеттик ишканаларга көзөмөл күчөтүлөрүн билдирди Ленин округу: шайлоого катышуудан дагы бир талапкер баш тартты Орусияда полиция 100дөн ашуун тажик студентин сабаганы кабарландыАраван районунда айыл өкмөтүнүн башчысы камакка алындыНукус окуясын иликтеген укук коргоочуга Өзбекстанга кирүүгө уруксат берилген жок