ӨКМ ашууларда кар көчкү коркунучу сакталып жатканын эскертти

Иллюстрациялык сүрөт.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) 23-24-май күндөрү жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, ашууларда кар көчкү түшүүсү ыктымал экенин эскертүүдө. Маалыматка караганда, Каракол-Эңилчек жолунун 74-86 чакырымдарында Чоң-Ашуу ашуусу, Барскоон - Ак-Шыйрак унаа жолунун 52-68 чакырымдарында, Сөөк ашуусунда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.

ӨКМ узак жолго чыккан айдоочуларды транспорттун ортосундагы 500 метр аралыкты сактоого чакырды.

Соңку күндөрдөгү жаан-чаачындан улам айрым аймактарда сел жүрүп, үйлөрдү каптап жатат.

Аксы районунда 20-майда катуу жааган жаандан кийинки селден жана шамалдан беш айыл зыян тартты. Жайыттагы малды сел агызып кеткен. Жалпы 430 үйдүн электр жарыгы өчүп, жекшембиде калыбына келтирилди.

Мунун алдында Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда катуу жаан жаап, Карача айылында сел жүргөн. Суу арыктан ашып, үйдүн короосун каптаган. (КЕ)

Дагы караңыз

Нукус окуясын иликтеген укук коргоочуга Өзбекстанга кирүүгө уруксат берилген жокКадыр Кошалиев УТРКдан кеткенин билдирдиОрус армиясы Украинага "Шахед" дрондору менен чабуул койду“Акнет” иши: Ажимудиновго өкүм чыкты