Таласта Элдик курултайдын Аксакалдар кеңешинин төрагасы Кадыр Кошалиевдин бул кызматтан кетиши тууралуу талап коюлду. Биринчи курултайдын Талас облусу боюнча делегаттары 20-майда жыйын өткөрүшкөнүн “Азаттыкка” бүгүн 22-майда Кара-Буура айыл өкмөтүнөн делегат Иманбек Байсеитов билдирди.
Байсеитов ал жыйында Кошалиевге төрага катары ишеним көрсөтпөө керектигин айткан:
“Интервьюсун карап отурсам, курултай жөнүндө да суроо берип, сунушун сурап жатат. Ал бизге сунуш бере турган адам эмес. Ал 30 жылга сыртынан соттолгон адам. Ага барып, ушундай ишти алып барган биздин төраганын кылган иши өтө оор нерсе. Бизге гана эмес, кыргыз элине көө түштү. Курултай – ар бир айылдан, көчөдөн шайлангандардын арасынан иргелип чыккан адамдарсыздар, ошолорго өтө көө жабылды. Ошондуктан төрагалыгын тапшырып, керек болсо, делегаттыгын да таштап кетишин талап кылам”.
Жыйынтыгында ушундай талап коюлган протокол кабыл алынып, президиумга жөнөтүлдү.
Жыйында тартылган видео Интернетке жарыяланды. Андан жыйынга Кадыр Кошалиев өзү да катышканын, бул сөздөр анын көзүнчө айтылганын көрүүгө болот.
“Азаттык” Таластагы жыйын жана андагы талаптар боюнча Кошалиевдин өзүнөн комментарий алууга аракет кылды, бирок майнап чыккан жок.
15-майда Кадыр Кошалиевдин Курманбек Бакиев менен интервьюсу Ютубдагы жеке каналга жарыяланган. Беларустан башпаанек тапкан мурдагы президент 2010-жылкы Апрель окуясы жана анын бийлиги тушундагы буюртма киши өлтүрүүлөр тууралуу суроолорго жооп берип, актанган.
Улуттук телерадио корпорациясы (УТРК) маек Кадыр Кошалиевдин жеке демилгеси менен тартылганын, ал үчүн УТРК техника жана башка чыгымдарды төлөп бербегенин билдирип, бул боюнча ички иликтөө башталганын кабарлаган.
Кадыр Кошалиев маек тууралуу “Азаттыкка” мындай комментарий берген:
“Долбоор аркылуу мурдагы жетекчилер менен маектешели деген план бар болчу. 4-январда Москвада Аскар Акаевич менен маектешкем. Андан кийин 14-15-апрелде Минскиде Курманбек Бакиев менен маек болду. “Кыргыз ааламы” долбоорунда Кыргызстанды мурда жетектеген беш адамдан интервью кылып эфирге берели деген программабызда бар болчу”.
2010-жылы 7-апрелде Курманбек Бакиевдин үй-бүлөлүк башкаруу режимине каршы чыккандарга Ала-Тоо аянтында ок атылып, 80ден ашуун киши набыт болгон. Ал соттун чечими менен 30 жылга, кенже уулу Максим Бакиев, иниси Жаныш Бакиев, ошол кездеги премьер-министр Данияр Үсөнов сырттан өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган. Бакиевдин тун уулу Марат Бакиев сырттан 30 жылга соттолгон. (RK)
Дагы караңыз
Тажикстан Сириядагы лагерден 100дөн ашык аял жана баланы кайтардыИрандын президенти Жогорку улуттук коопсуздук кеңешинин башчысын алмаштырды УКМК кыргыз-өзбек чек арасында пара алып жүргөн чек арачылар кармалганын билдирдиОшто жаңы салынган тротуарлардын 60% жараксыз деп табылды