Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев 21-майда Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы мамлекеттик чек ара чеги болуп саналган Чүй дарыясынын жээгин бекемдөө иши менен таанышты. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы кабарлады. Ажикеев жээктерди бекемдөө ишин эки аптанын ичинде баштоону тапшырды.
"Чүй дарыясынын жээктери борпоң топурак жана кум-шагыл болгондуктан суу жеп, азыркы учурда дарыянын нугу Кыргызстандын аймагына жылган. Буга ылайык аталган дарыянын жээктерин бекемдөө боюнча президент Садыр Жапаров бекиткен иш-чаралардын негизинде, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 2023-жылга карата “Авариялык калыбына келтирүү” иш-мерчемине киргизилген", - деп айтылат министрликтин маалыматында.
Буга чейин Чүй дарыясынын кыргыз-казак чек арасын бойлой өткөн бөлүгүндөгү жээктерди бекемдөөгө быйыл Финансы министрлиги 50 миллион сом гана бергени белгилүү болгон. Каражат Сокулук районунун Камышановка айыл аймагына караштуу чек ара мамычасы жайгашкан Кыргызстандын аймагын коргоо боюнча Чүй дарыясынын жээгин бекемдөөгө, Төмөнкү Чүй айыл аймагына караштуу Чүй дарыясынын ташкын сууларынан коргоого сарпталат.
"Азаттык" 20-апрелде "Чүй дарыясы: жүздөгөн гектар жер казак тарапта калды" деген аталыштагы иликтөө жарыялаган. Кыргыз-казак чек арасын бойлой аккан Чүй дарыясы сол жээгин жеп, гектарлаган жер Казакстан тарапта калган жагдайды иликтеп чыккан. Мындан эки жылга жакын убакыт мурда өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев өлкө кеминде 800 гектардай жеринен ажыраганын билдирген жана бул жагдайды президент Садыр Жапаров жеке көзөмөлүнө алганын айткан.
Жогорку Кеңештин 27-апрелдеги жыйынында депутат Эрулан Көкүлов Чүй дарыясы тууралуу "Азаттыктын" иликтөөсүндөгү маселелерди көтөргөн. Анда өкмөт дарыянын жээгин бекемдөөгө акча бөлүп бере электигин сынга алып, чек арага көңүл буруу керектигин эскерткен.
Ушундан кийин Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурланбек Азыгалиев баштаган депутаттар тобу 15-майда жагдай менен жеринен таанышкан. Маселени тез арада чечүү тууралуу тийиштүү жетекчилерге тапшырма берилген.
2012-жылы Жогорку Кеңештин тармактык комитети өкмөттү жыл сайын Чүй дарыясын бекемдөө иштерине 200 миллион сом бөлүп берип турууга милдеттендирген.
Кыргыз тарап 2013-жылы дарыянын сол жээгин иликтеп чыгып, кооптуу, дамба курулушу керек деген, жалпы узундугу 65,5 чакырымды түзгөн 193 тилкени тактаган. (КЕ)
Дагы караңыз
SpaceX Эл аралык космос станциясына туристтердин экинчи тобун жөнөттүВолгоград шаарында Куранды өрттөөгө байланыштуу шектүү кармалды Чаткалда аралашма алтын кенин иштеткен компания боюнча иш козголду Кемпир-Абад иши боюнча камалган Атай Бейшенбек айып изоляторунан чыгарылды