Студенттер Акаевдин лекция окушуна каршы кайрылуу жолдошту

Аскар Акаев.

Исхак Раззаков атындагы кыргыз техникалык университетинин айрым студенттери окуу жайда мурдагы президент Аскар Акаевдин лекция окуусуна каршылык билдирип чыгышты. Алар 21-майда окуу жайдын ректорунун атына кайрылуу жолдоп, анын тексти студенттердин Телеграмм каналына жарыяланды.

Студенттердин бири Элхан Алыбаев Телеграмга "Акаевдин качандыр бир келечегин уурдап алган жаш муундун алдында лекция окуу дымагын - мен шылдыңдоо катары эсептейм", - деп жазды.

Ректорат кайрылуу тууралуу комментарий бере элек.

2005-жылы март окуясында кызматынан четтетилип, Кыргызстандан чыгып кеткен мурдагы президент Аскар Акаев жубайы Майрам менен чогуу 20-майда Казакстан аркылуу Кыргызстанга келгени кабарланган. Анын санаалаштарынын бири Бекболот Талгарбеков Аскар Акаев Кыргызстандагы жогорку окуу жайларында лекция окуй турганын билдирген.

Үй-бүлөсү менен Москвада башкалкалап жүргөн Аскар Акаев өткөн аптада Казакстандагы окуу жайларда лекция окуп келген.

Аскар Акаев 2005-жылдан бери 2021-жылы 2-августта “Кумтөр иши” боюнча тергөө менен кызматташуу үчүн Кыргызстанга биринчи жолу келген. Бишкекте бир апта сурак бергенден кийин кайра Орусияга кеткен. 14-декабрда ушул эле иш боюнча тергөөгө көрсөтмө берүү үчүн экинчи жолу келген.

Жарандык коомдун өкүлдөрү бул үчүн бийликти сындашып, Аскар Акаевди кылмыш жоопкерчилигине тартууну талап кылган.

Ага 1992-жылы "Кумтөр" долбоору боюнча башкы макулдашууну түзүү, ага 1994-жылы өзгөртүү киргизүү жана 2003-жылы "Камеко" компаниясы менен башкы макулдашууну реструктуризациялоодогу коррупцияга байланыштуу тагылган айыптардын баарын мөөнөтү өткөндүктөн кыскартылганын Башкы прокуратура билдирген.

Ал Орусиянын Илимдер академиясынын, Нью-Йорк илимий академиянын мүчөсү, физика илимдеринин доктору, профессор, бир нече илимий эмгектердин да автору. (KS/ZKo)

Дагы караңыз

АКШ Украинага 357 миллион долларлык жардам беретАксыда сел 50 койду агызып, 50дөй үйдүн короосун каптады Кыйноолорго каршы борбор жабык жайларда аял укугу көп бузуларын аныктады Ысык-Көлдө 11 жаштагы кыз сууга агып каза болдуЗеленский Бахмуттагы абал тууралуу суроого жооп берди