Жалал-Абад облусундагы Кочкор-Ата шаарындагы мектептин ууланган окуучуларынын 20сы Ош облустук ооруканасынын балдар бөлүмүнө которулду.
Бул тууралуу бүгүн, 18-майда Жалал-Абад облустук эпидемияга жана эпизоотияга каршы комиссиянын жыйынында айтылды.
Бейтапканада жаткан окуучуларда баш айлануу, алсыздык сыяктуу белгилер токтобогондуктан балдар 17-майда Ош облусундагы ооруканага которулду.
Саламаттык сактоо министрлигинин Жалал-Абад облусундагы координатору Каарманбек Байдавлетовдун айтымында, кандагы уу затты аныктай турган анализдин жыйынтыгы ушул аптанын аягында чыгат.
"Уулануунун белгилери жоюлбагандыктан бейтаптарды Ош облустук ооруканасына котордук", - деди Байдавлетов.
11-майда Ноокен районунун Кочкор-Ата шаарындагы №15 Беки уулу Семетей атындагы орто мектептин 6-7-8-класстарынын окуучулары өздөрүн жаман сезип, "Тез жардам" кызматы аркылуу ооруканага жеткирилген. (ТВ)
Дагы караңыз
Кыргызстан-Кытай ортосунда Бедел ашуусу аркылуу жаңы жол курулатБританиянын парламентинин өкүлдөрү “Азаттыктын” иши боюнча кыргыз бийлигине кайрылдыБатыш тогуз товарды Кыргызстан аркылуу Орусияга өткөрбөөгө чакырдыТалас: Жемкорлукка шек саналган төрт киши 29-майга чейин камалды Талас облусунун мурдагы башчысы Нарбеков үй камагына чыкты