Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:06

Талас: Жемкорлукка шек саналган төрт киши 29-майга чейин камалды


Талас шаары
Талас шаары

Жемкорлукка шектелип кармалган Талас шаарынын мурдагы мэри Аскар Шабданов, Талас облусун өнүктүрүү фондунун директору Эмир Тыныбеков, облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Саламат Салыбаев жана “НИКА KG” компаниясынын өкүлүнүн бөгөт чарасы 19-майда каралып, 29-майга чейин камалды. Бул тууралуу облустук соттун басма сөз катчысы Нурдин Байжигитов "Азаттыкка" билдирди.

Маалыматка караганда, президенттин облустагы мурдагы өкүлү Бакыт Нарбековдун бөгөт чарасы 20-майда каралат.

Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) алар Талас шаарында тигүү цехин курулуш ишинде 7 миллион сомдук зыян келтирген деген шек менен кармалганын 19-майда билдирген.

Атайын кызмат бул боюнча 11-майда кылмыш иши козголгонун маалымдаган.

Президенттин Таластагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү муну четке каккан. Мэрия долбоорду курууда каржы маселесине кийлигишпегенин, болгону тигүү фабрикасын курууга жер бөлүп бергенин айткан.

2022-жылы шаардык мэрия миң орундуу тигүү цехин куруп, "Кул Брос" тигүү ишканасына ижарага берери, аны облустук өнүктүрүү фонду каржылай турганы айтылган. (MKt)

XS
SM
MD
LG