Жардыргыч зат тууралуу жалган маалымат берген адам алты айга камалды

Сүрөт УКМКдан алынды. Бомба тууралуу жалган маалымат берди делген жаран.

Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту жардыргыч зат тууралуу жалган маалымат берген Н.А.А. аттуу жаранды айыптуу деп таап, алты айга камакка алууга өкүм кылды.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, ушул жылдын 3-февралында Чүй проспектиси менен Эркиндик бульварынын кесилишинде колго жасалган жардыруучу зат тууралуу жашыруун маалымат түшүп, бирок тастыкталган эмес.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 259-беренеси («Террорчулук актысы жөнүндө билип туруп жалган маалымат берүү») боюнча кылмыш иши козголгон.

Тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө террорчулук тууралуу жалган маалымат тараткан 40 жаштагы Н.А.А. аттуу жаран кармалып, муну бейбаштык үчүн жасагандыгын мойнуна алган.

УКМК мындай аракеттер кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартыларын эскертет.

Бишкекте 2-майда, 26-апрелде Бишкектеги бир катар мектептерге бомба коюлганы тууралуу маалымат түшүп, окуучулар сыртка чыгарылган.

Ага чейин 18-20-апрель күндөрү да борбор калаадагы бир катар окуу жайлардын жана мектептердин имаратына бомба коюлганы тууралуу кабар түшкөн. Мындан улам бардык имараттардагы адамдар эвакуацияланып, сапёрлор барган. Текшерүү учурунда эч кандай жарылуучу зат коюлбаганы маалым болгон.

Маселе Жогорку Кеңештин жыйынында көтөрүлүп, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасынын орун басары Айбек Шаменов билдирүү тараткандарды аныктоо мүмкүн болбой жатканын айткан. Анын сөзүнө караганда, электрондук катты жөнөткөн аккаунт Орусия же Украинанын аймагында катталган деген маалыматтар бар. (КЕ)

Дагы караңыз

Талас: Жемкорлукка шек саналган төрт киши 29-майга чейин камалды Туризмди өнүктүрүү фондунун жетекчиси Калашникова эки айга камалдыБатыш тогуз товарды Кыргызстан аркылуу Орусияга өткөрбөөгө чакырдыОрусия Путинди камакка алууга ордер берген прокурорду издөө салынгандардын тизмесине кошту Кремль АКШнын 500 жаранына, анын ичинде Обамага Орусияга кирүүгө тыюу салды