Атай Бейшенбек айып изоляторуна камалганы боюнча билдирүү таратты

Атай Бейшенбек.

Кемпир-Абад маселесине байланыштуу камакта отурган жарандык активист Атай Бейшенбек айып изоляторуна камалганы үчүн абак жетекчилигин күнөөлөп жатат. Бүгүн 19-майда анын “Фейсбуктагы” баракчасына жарыяланган билдирүүдө ага телефонду “өзүлөрү беришкени”, сырттан телефон киргизүү мүмкүн эместиги, кирип-чыккан сайын атайын аппарат менен тинтүү кылынары жана камера оозунда бир эмес, эки видеокөзөмөл турары айтылды:

“Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) жетекчилиги өлкө башчысына жагалдануу максатында мыйзамсыз тинтүү жүргүзүп, өзүлөрү “кийин силер бийликке келип калсаңар жакшылыгыбызды унутпагыла” деп убактылуу колдонууга телефон берип, кайра аны алып, көрсөтмө натыйжалуулукка жетүү максатында мени ШИЗОго жабышты. Толук иликтөө жүргүзүп, абалды териштирүү менен чечим кабыл алгандын ордуна формалдуу жана көнүмүш ыкма менен өзүлөрүнүн бизге жагалдануу аракеттерин баланстоо тактикасын жүргүзүп, саясатташтырууга өтүштү!”.

Атай Бейшенбек айып изоляторуна киргизилгенин ЖАМК 18-майда маалымдап, муну пландуу тинтүү иш-чаралары учурунда анын жанынан уюлдук телефон табылганы менен түшүндүргөн. Активисттин бүгүнкү билдирүүсүнө расмий комментарий бериле элек.

Кемпир-Абад маселесине байланыштуу камакта отургандар бүгүн 19-майдан тартып саясий ачкачылык жарыялашканы алардын өлкөнүн акыйкатчысына жана Кыйноолорду алдын алуу борборуна жолдогон ачык кайрылуусунда айтылды.

Ачкачылыктын негизги себеби катары Кемпир-Абад боюнча абакта отургандарды улам бир бөлмөгө которуп жатышканы белгиленди, бул аларга карата басым деп бааланды жана андай мамилени токтотуу талабы коюлду.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин ачык билдирип чыккан жыйырмадан ашуун белгилүү саясатчы, активист былтыр октябрда Бишкектин тергөө абагына камалган, кийин алардын айрымдары үй камагына чыккан.

Милиция алар бийликти басып алууга аракет кылган деп айыптап жатат. Иш Кылмыш-жаза кодексинин “Жапырт башаламандык уюштурууга аракет көрүү”, “Бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү” беренелеринин негизинде тергелүүдө. (RK)

Дагы караңыз

"Чоң жети" Украина жана Орусия тууралуу билдирүү кабыл алыштыЗеленский Сауд Арабияда Крым тууралуу cүйлөдүЗеленский "Чоң жетинин" Жапониядагы саммитине катышары кабарландыРинат Урматбек уулу кудо боюнча жаштар арасында Дүйнө чемпиону болду