Тизелеп кечирим сураган окуучу кыздын видеосу боюнча маалымат берилди

Кыргызстанда окуучу кызды классташынын алдында тизелетип кечирим суратып жатышкан видео боюнча териштирүү жүрүп жатканын 19-майда Билим берүү жана илим министрлиги билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, мектептин администрациясына, социалдык педагогдоруна жана класс жетекчилерине мыйзам чегинде жаза чарасын колдонуу милдеттендирилди.

Окуя Сузак районуна караштуу №16 Сайдулла Акбаров атындагы орто мектепте быйыл 31-январда болгону расмий тастыкталды. Кызды кечирим суратууга эмне себеп болгону айтылган жок.

19-майда аталган мектепке Жалал-Абад облустук билим берүү усулдук борборунун директору барып, териштирүү иштерин жүргүздү.

Чөнтөк телефонго тартылган видео ушул тапта Интернеттеги социалдык түйүндөрдө тарап, кызуу талкуу жаратууда. Анда окуя мугалимдер отурган бөлмөдө болгонун, бир нече аял кызды кечирим суроого мажбурлаган сөздөрдү айтып жатышканын, кыз алдында турган экинчи кыздын алдына тизелеп "Кечирип койчу, башка андай кылбайм" деп айтып жатканын көрүүгө болот. (RK)

Дагы караңыз

УКМК мамлекеттик ишкананын директору 1 млн. сом пара менен кармалганын билдирдиЯнварь окуялары: 25 айыпталуучу шарттуу жаза алдыЕРӨБ Өзбекстанга 15 мектеп курууга грант беретРинат Урматбек уулу кудо боюнча жаштар арасында Дүйнө чемпиону болду