20-майдын аба ырайы: жаан жаайт

19-20-май күндөрү абанын температурасынын жогорулашына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн.

20-майга караган түнү Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн 8…13, күндүз 20…25;

Таласта түнкүсүн 7…12, күндүз 16…21;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 14…19, күндүз 21…26;

Ысык-Көлдө түнкүсүн 5…10, күндүз 16…21;

Нарын облусунда түнкүсүн 4…9, күндүз 15…20;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн 0...-5, күндүз 7…12 градус жылуу болот.

Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетиши мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн 10…12, күндүз 22…24 градус жылуу болот.

Дагы караңыз

"Верстка": Орусиянын "чет элдик агенттер" тизмесине киргендердин көбүн журналисттер түзөтӨзбекстан менен Казакстандын армиясы биргелешкен машыгуу өткөрдүМедиа коомчулук ЖМК долбоору боюнча президентке кайрылдыУКМК мамлекеттик ишкананын директору 1 млн. сом пара менен кармалганын билдирди