Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:02

Өзбекстан менен Казакстандын армиясы биргелешкен машыгуу өткөрдү


Казакстандын жоокерлери
Казакстандын жоокерлери

Ташкент аскердик округунун полигонунда Өзбекстан менен Казакстандын Куралдуу күчтөрүнүн Атайын багыттагы бөлүктөрүнүн биргелешкен "Калкан-2023" машыгуусу аяктады. Бул тууралуу Газета.uz басылмасы Өзбекстандын Коргоо министрлигине таянып кабарлады.

Аскердик машыгууга эки өлкөнүн коргоо министрлери байкоо салышты. Жоокерлер Чек ара кызматынын ыкчам тобу менен "шарттуу душманды" жок кылышты. Бул үчүн дрон менен аймак изилденип, "душмандын" ыктымал жашырына турган жери аныкталды.

Андан соң минометтор менен "душман" жашырынган жерге сокку урулду. Тапшырманы аткарууга согуштук учактардын коштоосундагы жеңил чопкутталган автоунаалар да тартылды.

Чектеш өлкөлөр биргелешкен машыгууларды буга чейин да өткөрүп, аны болжолдуу коопсуздуктарга каршы турууга даярдык катары мүнөздөшөт.

XS
SM
MD
LG