Медиа коомчулук ЖМК долбоору боюнча президентке кайрылды

Бишкектеги көз карандысыз маалымат каражаттарын жана сөз эркиндигин колдоо митинги. 14-октябрь, 2022-жыл.

“Жалпыга маалымдоо каражаттары” жөнүндө мыйзам долбоорун иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун мурдагы айрым мүчөлөрү жана медиа коомчулук президент Садыр Жапаровго кайрылды.

Кайрылууда президенттин администрациясынын башкы юристи Мурат Укушовго долбоорго байланыштуу корутунду алуу үчүн документти Венеция комиссиясына жиберүү сунушу жазылган.

Юристтер, журналисттер кол койгон кайрылууда ЖМК жөнүндө мыйзам долбоорун иштеп чыгуу боюнча түзүлгөн жумушчу топ толук кандуу иштебегени, журналисттердин берген сунуштары кабыл алынбаганы айтылат. Топ үч гана жолу жыйынга чогулганы жана ага Мурат Укушов катышпаганы белгиленген.

Президенттин администрациясы “Жалпыга маалымдоо каражаттары” жөнүндө мыйзам долбоорун жумушчу топтун мүчөлөрү менен макулдашпай эле 15-майда коомдук талкууга чыгарган. 16-майда белгиленген жыйын үзгүлтүккө учураган. Буга жумушчу топтогу медиа тармактын өкүлдөрүнүн президенттик администрацияга нааразылыгы себеп болгон.

Президенттин администрациясы былтыр ноябрда “Жалпыга маалымдоо каражаттары” жөнүндө жаңы мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарган. Өлкөдөгү медиа уюмдар, журналисттер жана бир катар юристтер долбоорго камтамчылыгын билдирген.

Президент Садыр Жапаров документти иштеп чыгуу үчүн былтыр декабрда жумушчу топ түзүп, президенттин администрациясынын укуктук жактан камсыз кылуу башкармалыгынын башчысы Мурат Укушов топтун жетекчиси болгон. (BTo)

Дагы караңыз

УКМК мамлекеттик ишкананын директору 1 млн. сом пара менен кармалганын билдирдиЗеленский "Чоң жетинин" Жапониядагы саммитине катышары кабарландыИранда коомчулуктун өтүнүчүнө карабай үч активист өлүм жазасына тартылдыАкын, журналист Жедигер Саалаевдин китебинин бет ачары өтүп жататАкылбек Жапаров Казакстандын премьер-министри менен жолукту АКШ менен Британия аскердик кылмыштарды иликтөөдө Украинага жардам берүүдөСот Акылбек Жапаровдун кеңешчисин үй камагына чыгарды