Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:45

Акын, журналист Жедигер Саалаевдин китебинин бет ачары өтүп жатат


Жедигер Саалаев. Архивдик сүрөт.
Жедигер Саалаев. Архивдик сүрөт.

Бүгүн 19-майда Бишкекте белгилүү акын жана журналист, коомдук ишмер, юрист Жедигер Саалаевдин “Адам пенде, Жер энеге таазим эт!” аттуу китебинин бет ачар аземи өтүп жатат. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин (КУУ) ардактуу профессору, юридика илимдеринин кандидаты, Конституциялык соттун мурдагы судьясы Саалаевдин чыгармачылыгына арналган иш-чара университеттин жыйындар залында өтүүдө, ага белгилүү окумуштуулар, тарыхчылар, маданият ишмерлери, журналисттер катышууда.

Жедигер Саалаев “Жөрөлгө”, “Башат”, “Аргасыздык ырлары” сыяктуу бир катар ыр жыйнактарынын, “Бакдөөлөттүн жазы…” илимий-публицистикалык китебинин, пьеса, очерк, илимий жана көркөм-публицистикалык макалалардын автору. Анын “Манас дух” поэтикалык китеби Улуттук жазуучулар союзунун жана эл аралык “Ысык-Көл” форумунун чечими менен 2020-жылдын мыкты китеби деп табылган.

Эмгек жолун “Советтик Кыргызстан” гезитинде баштаган ишмер КУУда журналистика факультетинин жетекчиси, УТРКда продюсер, “Кыргыз Туусу” гезитинде башкы редактор, ал эми 2015-2022-жылдары Конституциялык сотто судья болуп иштеген.

Коомдук ишмер катары Журналисттер союзунун төрага орун басары, Мамлекеттик тил комиссиясынын мүчөсү, Кыргызпатентте президиум мүчөсү болуп эмгектенген, азыр ал Улуттук жазуучулар союзунун президиумунун мүчөсү болуп эмгектенүүдө. (RK)

XS
SM
MD
LG