Зеленский "Чоң жетинин" саммитине катышуу үчүн Жапонияга бара турганы кабарланды

Владимир Зеленский.

Украинанын президенти Владимир Зеленский “Чоң жети” блогуна кирген мамлекеттердин башчыларынын жыйынына катышуу үчүн Жапонияга барары кабарланды.

Бул тууралуу жапон өкмөтүндөгү булактарга таянып, Kyodo, The New York Times, The Washington Post жана CNN басылмалары жазды. Reuters бул маалыматты Евробиримдиктеги булагына таянып жарыялады.

Киев маалыматты ырастай элек.

Зеленскийдин кеңсеси анын жыйынга барып катышуусу мүмкүн экенин четке каккан эмес, бирок “баары согуш талаасындагы кырдаалга көз каранды” экенин айткан.

Зеленскийди “Чоң жетинин” жыйынына Жапониянын премьер-министри Фумио Кисида мартта Киевге барганда чакырган. Кийин Кисида украин президенти саммитке келбей турганын, бирок онлайн форматта кайрылуу жасай турганын билдирген. Жапониянын тышкы иштер министри да Зеленский жекшембидеги жыйынга видео байланыш аркылуу катыша турганын маалымдаган.

Украинадагаы согуш жана орусиялык агрессиянын мизин кайтаруу үчүн Киевди колдоо - “Чоң жетинин” Хиросима шаарында 19-21-майда өтчү жыйынында каралчу негизги маселелердин бири.

Буга чейин Reuters агенттиги үч күнгө созулган жыйынга Британиянын, Германиянын, Италиянын, Канаданын, Франциянын, Жапониянын жана АКШнын лидерлери катышарын жазды.

Маалыматка ылайык, “Чоң жети” тобунун саммитинде Москва менен Бээжинге байланыштуу маселе каралат жана ага эки өлкөнүн өкүлдөрү конок катары да чакырылган.

Associated Press агенттиги саммиттин катышуучулары Москвага каршы жаңы санкцияларды талкуулары күтүлүп жатканын билдирди.

Дагы караңыз

АКШ менен Британия аскердик кылмыштарды иликтөөдө Украинага жардам берүүдөСот Акылбек Жапаровдун кеңешчисин үй камагына чыгардыУКМК Таластын мурдагы облус башчысы менен шаар мэри кармалганын билдирдиБайсалов Бакиевде кызыкчылыгын коргоо укугу барын айтты