АКШ менен Британия аскердик кылмыштарды иликтөөдө Украинага жардам берүүдө

Украинанын баш прокурору Андрей Костин жана Кошмо Штаттардын баш прокурору Меррик Гарланд. 2022-жыл.

Украинанын укук коргоо органдары Орусия толук кандуу кол салгандан бери 82 миңден ашык аскердик кылмыштарды каттаганын билдирди.

УНИАН басылмасы жазгандай, Кошмо Штаттар менен Британия күнөөлүүлөрдү аныктап, жоопко тартуу үчүн Украинага бул кылмыштарды иликтөөгө жардам берүүдө.

Украинанын баш прокурору Андрей Костин Варшавада өткөн Эл аралык оор кылмыштар боюнча форумда (Atrocity Crimes Advisory Group, ACA) сүйлөп жатып, бул уюмдун жардамы маанилүү экенин айткан.

“Бул - Орусиянын эл аралык кылмыштарын тергөөгө жана сот жообуна тартууга жардам берүү, жабырлануучуларды жана күбөлөрдү колдоо, коргоо багытындагы ишибизге салым кошуу”, - деди Костин.

Эл аралык оор кылмыштар боюнча кеңешме тобун АКШ, Евробиримдик жана Британия түзгөн. Бул орусиялык агрессорлор жасаган аскердик кылмыштарды тергөө жана сот жообуна тартууда Украинанын башкы прокурорунун кеңсесин колдоо максатын көздөйт.

Кеңешме топтун колдоосу менен жабыр тарткандардан жана күбөлөрдөн алынган сурамжылоонун негизинде сунуштарды даярдап, Украинанын баш прокурорунун кеңсесине берди. Сөз камактагылар, депортацияланган балдар, гендердик зомбулуктун курмандыктары жөнүндө болуп жатат.

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен жана Британиянын тышкы иштер министри Жеймс Клеверли тынчтыкты жана адилеттүүлүктү орнотуу үчүн Украинаны ар таратуу колдоого аларына ишендирди.

Дагы караңыз

Сот Акылбек Жапаровдун кеңешчисин үй камагына чыгардыУКМК Таластын мурдагы облус башчысы менен шаар мэри кармалганын билдирдиПрезидент Жапаров Тажикстан менен чек араны тактоо маселесин көтөрдүБайсалов Бакиевде кызыкчылыгын коргоо укугу барын айтты