19-майда Жапониянын Хиросима шаарында “Чоң жети” блогуна кирген өлкөлөрдүн жетекчилеринин саммити башталат.
Reuters агенттиги үч күнгө созулган жыйынга Британиянын, Германиянын, Италиянын, Канаданын, Франциянын, Жапониянын жана АКШнын лидерлери катышарын жазды.
Маалыматка ылайык, “Чоң жети” тобунун саммитинде Москва менен Бээжинге байланыштуу маселе да каралат жана ага эки өлкөнүн өкүлдөрү конок катары да чакырылган. Күн тартибинде Украинадагы согушту талкуулоо маселеси да бар.
Associated Press агенттиги саммиттин катышуучулары Москвага каршы жаңы санкцияларды талкуулашат деп күтүлүп жатканын билдирди.
Жыйын алдында АКШнын расмий өкүлү (аты аталган жок) Орусиянын согушта колдонуп жаткан материалдарга жетүүсүн кыйындатуу, санкцияларды айланып өтүү жолдорун жабуу жана Орусиянын энергетикасына көз карандылыкты азайтуу аракеттери талкууланарын айтты.
АКШ санкциялар пакетин жарыялап, кара тизмеге дагы 300гө жакын адамды, компанияларды, кеме жана учактарды киргизет деп күтүлүүдө. (BTo)
Дагы караңыз
"Кемпир-Абад" иши: Абактагы Атай Бейшенбек айып изоляторуна камалдыЫсык-Көлдө желим баштыкка тыюу салуу маселеси талкууландыУкраинанын тышкы иштер министри Кытайдын өкүлү менен жолугуштуПашинян Москвада азери президенти менен жолугушарын билдирдиИрандын президенти Ооганстанды суу келишимин сактоого чакырдыТуризмди өнүктүрүү фондунун башчысы Калашникова жана анын орун басары камалды