"Кемпир-Абад" иши: Абактагы Атай Бейшенбек айып изоляторуна камалды

Атай Бейшенбек. Сүрөт 2022-жылдын ноябрында тартылган.

Кемпир-Абад маселесине байланыштуу камакта отурган активист Атай Бейшенбек Бишкектин Тергөө изоляторунун (СИЗО-1) айып изоляторуна киргизилгенин бүгүн 18-майда Жаза аткаруу кызматы билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, буга пландуу тинтүү иш-чаралары учурунда анын жанынан уюлдук телефон табылганы себеп болду.

“Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары” жөнүндөгү мыйзамга ылайык, Жаза аткаруу кызматы билдиргендей, “айыпкерлерге жана соттолгондорго тыюу салынган буюмдарды колдонгондугу жана сактагандыгы үчүн мекеме жетекчисинин токтому менен чара көрүлөт”.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин ачык билдирип чыккан жыйырмадан ашуун белгилүү саясатчы, активист былтыр октябрда Тергөө абагына камалган, кийин алардын айрымдары үй камагына чыккан.

Милиция алар бийликти басып алууга аракет кылган деп айыптап жатат. Иш Кылмыш-жаза кодексинин “Жапырт башаламандык уюштурууга аракет көрүү”, “Бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү” беренелеринин негизинде тергелүүдө.

Кармалгандар өздөрүнө тагылган айыптарды "саясий куугунтук" деп айтып келишет. (RK)

Дагы караңыз

Ысык-Көлдө желим баштыкка тыюу салуу маселеси талкууландыАКШнын Монтана штатында ТикТокко тыюу салынды Таластагы көтөрүлүш: кулакка тартуу, басмачылык жана “кызыл кыргын”Украинанын тышкы иштер министри Кытайдын өкүлү менен жолугушту