Төрткүл суу сактагычына чөгүп кеткен 17 жаштагы уландын сөөгү төрт күндөн кийин 18-майда табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы билдирди.
14-майда эки бала Баткен районундагы Төрткүл суу сактагычында кайык менен жүрүп сууга чөгүп кеткен. 15-майда 14 жаштагы өспүрүмдүн сөөгү табылган. Экинчисин издөө иштерине 18-майда 46 куткаруучу тартылган.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, Кыргызстанда былтыр бир жыл ичинде 85 адам сууга чөгүп каза болгон жана мындай кырсыктардын эң көбү жайкы сезондо Чүй, Ош жана Ысык-Көл облустарында катталган. Каза болгондордун 28и 12 жашка чейинки балдар.
Мекеме мындай кырсыктар айрыкча жайкысын сууга түшүү эрежелери, коопсуздук чаралары сакталбаган учурда көп катталарын, андыктан этият болуу зарыл экенин эскертүүдө. (BTo)
Дагы караңыз
Кыргызстандын курама командасына 33 футболчу чакырылдыПакистандын полициясы экс-премьер Имран Хандын үйүн курчап туратСот Нью-Йорктогу кол салууга айыпталган Саиповго катаал өкүм чыгарды УКМК Ошто үч бажы кызматкери коррупцияга шек саналып кармалганын билдирдиДепутат Кожокулова Орусияда кыргыз паспорту сатылып жатканын айттыСурабалдиева Кошалиевдин Курултайдын төрагасы болгонго укугу жок экенин айтты