Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:20

Пакистандын полициясы экс-премьер Имран Хандын үйүн курчап турат


Хандын үйүнө жакын жердеги полициянын посту. Лахор, 17-май, 2023-жыл
Хандын үйүнө жакын жердеги полициянын посту. Лахор, 17-май, 2023-жыл

Пакистандын полициясы экс-премьер Имран Хандын Лахордогу үйүн курчоону улантты. Саясатчынын турак жайында баш калкалап жатат деп шектелген адамдарды өткөрүп берүү үчүн берилген 24 сааттык мөөнөт 18-майда аяктайт.

Тартип коргоочулардын мындай аракеттери, Хандын жакында кармалышына каршы чыккан акциялардын катышуучуларына издөө салынышы экс-премьердин тарапташтарын ого бетер ачуулантып, кандуу кагылышуулар кайталанышы ыктымал деген тынчсызданууну жаратууда.

Өткөн аптада Хан камакка алынгандан кийин анын тарапкерлери коомдук мүлккө жана аскердик объектилерге кол салышкан. Кеминде 10 киши набыт болду. Пакистандын Жогорку Соту Ханды бошотууга буйрук бергенде гана зомбулук токтогон.

70 жаштагы саясатчы 9-майда паракорчулукка айыпталып кармалган. Хан былтыр апрелде бир нече жумалык саясий кризистен кийин кызматтан четтетилген жана парламент ага ишеним көрсөтпөөнү колдогон. Ошондон бери экс-премьерге баш-аягы элүүдөн ашуун кылмыш иши козголгон. Хан алардын бардыгын четке кагып, саясий иштер деп сыпаттап келет.

Шайлоо комиссиясы ага беш жыл мамлекеттик кызмат ээлөөгө тыюу салган.

XS
SM
MD
LG