Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгы “Каракол” аэропортунун жетекчилигине кылмыш ишин козгоду.
Атайын кызматтын маалыматына ылайык, иш Кылмыш-жаза кодексинин “Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу” беренеси менен тергелип жатат.
УКМКнын басма сөз кызматы “Каракол” аэропортунун кызмат адамдары аэропорттун атайын техникасын жана жабдууларын, андагы баалуу металлдарды мыйзамсыз сатып жибергени аныкталганын билдирди.
“Каракол шаарында алтынды аффинаждоочу жер астындагы лаборатория табылган, кийин ал тиешелүү экспертизанын корутундусу менен тастыкталган”, - деп айтылат маалыматта.
Атайын кызмат аэропорттун кайсы кызмат адамдарына иш козголгонун, алардын аты-жөнүн тактаган жок. Аэропорт УКМКнын маалыматы боюнча комментарий бере элек.
Ушул тапта “Каракол” эл аралык аэропорту модернизациядан өтүүдө. Аэропорттун аэровокзал комплексинин жаңы имараты курулуп, учуу-конуу тилкеси узартылып жатат. (BTo)
Дагы караңыз
УКМК Ошто үч бажы кызматкери коррупцияга шек саналып кармалганын билдирдиУкраин бийлиги Киев кайрадан ракета чабуулуна туш болгонун билдирдиТөө-Ашуудагы тоннелден өтүүгө чектөө киргизилдиДепутат Кожокулова Орусияда кыргыз паспорту сатылып жатканын айттыКыргызстандык эки ишканага Орусияга балык ташууга уруксат берилдиСурабалдиева Кошалиевдин Курултайдын төрагасы болгонго укугу жок экенин айтты“Дело №...” басылмасын негиздеген Светлана Красильникова каза болду