БУУ: Алдыңкы беш жылда абанын ысышы рекорддук деңгээлге жетет

Жакынкы Чыгыштагы кургакчылыктын кесепети.

Өндүрүштөн чыккан зыяндуу газдардын көптүгүнөн жана Эль-Ниньо кубулушунан улам алдыдагы беш жылда дүйнөдө абанын ысышы рекорддук деңгээлге жетет. Бул тууралуу БУУнун метеорологиялык уюму 17-майда тараткан маалыматта айтылат.

Эль-Ниньо — Тынч океандын борбордук жана экватордук бөлүгүндө температуранын кескин жогорулашынан пайда болгон жылуулук агымы. Мындай кубулуш адатта ар бир эки же жети жылда кайталанат.

«Жакынкы айларда Эль-Ниньо кубулушу болору күтүлүп жатат. Мындан улам глобалдык температура кескин жогорулашы мүмкүн. Мунун саламаттык, азык-түлүк коопсуздугу, суу ресурстары жана айлана-чөйрөгө кесепети тийет. Биз даяр болушубуз керек», - деп жазылат уюм тараткан билдирүүдө.

Адатта Эль-Ниньо кубулушунан кийин бир жыл ичинде глобалдык абанын температурасы жогорулайт. Бул жолу ал 2024-жылга туш келиши мүмкүн.

Дагы караңыз

Мекени жериген, Орусия согушка азгырган Азизбек УКМК: Кылмыштуу топ түзгөн үч милиционер кармалды"Кылмыштуу топтун мүчөсү болгон". Чүйдө жок кылынган шектүүнүн чоо-жайы