Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:06

УКМК: Кылмыштуу топ түзгөн үч милиционер кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Өзгөн райондук жана Жалал-Абад облустук милиция кызмактерлери кылмыштуу топтун өкүлү катары кармалганын 17-майда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, алар көптөн бери катардагы адамдар, айрыкча жаш кыздар аркылуу опузалап акча талап кылуу схемасынын негизинде иштеп жүрүшкөн деп шектелүүдө.

Шектүүлөр зордуктоо же маңзат колдонууга азгыруу тууралуу жасалма арыздардын негизинде “кылмыш жообуна тартабыз” деп коркутуп, адамдардан акча алып жүрүшкөнү, чынында андай арыз менен милицияга кайрылгандар болбогону аныкталганын маалымдалды.

Өзгөн райондук ички иштер башкармалыгынын улук ыкчам кызматкери жана Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын маңзаттын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүү башкармалыгынын эки кызматкери 30-апрелде 250 миң сом пара алганы, кылмышына далил боло турган видеолорду тартып алышканы, үчөө тең камакка алынганы кабарланды.

Шектүүлөрдүн жактоочулары же тарапкерлери УКМКнын бул маалыматы боюнча комментарий бере элек.

Күч органдарынын, арасында милиция кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттери тууралуу коомчулукта нааразылык көп айтылып келет, бирок ички иштер органдарынын жетекчилиги “Коом алдында кадыр-баркка шек келтирген шалаакы жана абийирсиз кызматкерлерден милициянын катарын тазалоо багытында тынымсыз иш жүргүзүлүп турарын” билдирүүдө.

Жакында Чүйдө кызматтык формачан саунада отурган видеосу интернетте тараган милиционер ички иштер органдарынан кетирилгени маалымдалган. (RK)

XS
SM
MD
LG