“ПолитКлиникага” каршы арыз боюнча сот жараяны 6-июнга жылды

ЭлТР каналынын “ПолитКлиникага” каршы арызы боюнча сот отуруму. 18-апрель, 2023-жыл.

17-майда Бишкектин Биринчи май райондук соту мамлекеттик ЭлТР телеканалынын көз карандысыз “ПолитКлиника” медиасына каршы доо арызы боюнча жараянды 6-июнга жылдырды.

“ПолитКлиниканын” адвокаттары доогерлер басылманын социалдык баракчаларына чыккан материалдагы кайсы маалыматтар жалган экени тууралуу доо арызга тактоо киргизиши керектигин айтышты.

Ишти карап жаткан судья Жамиля Акылбекова ЭлТР телеканалынын юристин кийинки соттук жараянга кайсы маалыматты төгүндөөнү суранып жатканын так жазып келүүгө милдеттендирди.

Иш боюнча алдын ала угуу 18-апрелде өткөн.

ЭлТР “ПолитКлиника” медиасынын “ЭлТРдин Садыр Жапаров энергетикага карыз алган эмес дегени калп” деген видеосуна байланыштуу 20-февралда сотко берген. Телеканал арызында “ПолитКлиника” бул материалда компаниянын жана анын кызматкерлеринин аброюна шек келтирген” деп билдирген.

Канал сөз болуп жаткан материалды интернеттен алып салууну жана анда айтылган маалыматтарды төгүндөөнү талап кылууда. Моралдык зыян катары соттон “ПолитКлиника” редакциясынан 7 миллион сом, журналист Тыныстан Асыпбектен 3 миллион сом, жалпы 10 миллион сом өндүрүп берүүнү өтүнгөн.

“ПолитКлиника” медиасы ЭлТРдин айыптоолорун четке кагып, материал ачык булактардан алынган маалыматтардын негизинде жасалганын билдирип, ЭлТРдин доосун сөз эркиндигине басым деп баалап келет. (BTo)

Дагы караңыз

Ош милициясы: Чүйдө жок кылынган шектүү оор кылмыштарга айыпталган топтун мүчөсү болгонAmnesty International: былтыр дүйнөдө 883 адам өлүм жазасына тартылганУТРК Кошалиев Бакиевден жетекчилик менен макулдашпай маек алганын билдирди Иш учурунда каза болгон укук коргоо кызматкерлерине берилчү кенемте изилденетБишкек мэриясы таштанды төгүүчү жайдагы өрт өчүрүлгөнүн билдирди