Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:47

Иш учурунда каза болгон укук коргоо кызматкерлерине берилчү кенемте изилденет


Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаров укук коргоо органдарынын кызматкерлери кызмат учурунда каза болгондо төлөнө турган кенемте боюнча маселени изилдеп чыгуу тапшырмасын берди.

Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев Фейсбуктагы баракчасына жазды.

“Компенсациянын суммасы бюджетке оорчулук келтирбей тургандай жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин үй-бүлөлөрүнө колдоо болгудай кылып мыйзамдарга тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүү сунуштоо тапшырмасы берилди”.

15-майда парламенттин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети Чаткал районунун иш учурунда каза болгон прокурору Бакирдин Жанузаковдун үй-бүлөсүнө 21 миллион сом кенемте төлөп берүү боюнча өкмөттүн сунушун колдогон. Бакирдин Жанузаков былтыр июль айында жол кырсыгынан каза болгон.

Комитет жыйынында башкы прокурордун орун басары Үмүткан Коңкубаева мыйзам боюнча иш учурунда каза болгон кызматкерлердин үй-бүлөсүнө кенемте төлөнөрүн айткан.

Депутаттар кызмат учурунда каза тапкан прокурорлорго бериле турган кенемте өтө эле көп экенин айтып, мыйзамды өзгөртүү демилгесин көтөрүштү. Маселе коомчулукта да талкууланып, социалдык тармактын колдонуучулары да кенемтенин суммасы көп экенин жазып жатышат.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы иш учурунда каза болгондо кенемте прокурорлорго эле эмес, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК), Ички иштер министрлигинин (ИИМ), Бажы кызматынын, Салык кызматынын жана Жазаларды аткаруу кызматынын кызматкерлерине да төлөнөрүн билдирген. (BTo)

XS
SM
MD
LG