УТРК Кошалиев Бакиевден жетекчилик менен макулдашпай маек алганын билдирди

Сүрөт Кадыр Кошалиев Беларустан башпаанек тапкан мурдагы президент Курманбек Бакиевден маек алып жаткан видеодон алынды.

Улуттук телерадио корпорациясы (УТРК) каналдын кызматкери, Элдик курултайдын Аксакалдар кеңешинин төрагасы Кадыр Кошалиевдин Беларуста баш калкалап жүргөн мурдагы президент Курманбек Бакиевден алган маеги тууралуу комментарий берди.

УТРКнын продюсери Алмаз Касымалиевдин сөзүнө караганда, Кадыр Кошалиев мурдагы президенттен маек алуу боюнча каналдын жетекчилигине эч кандай маалымат берген эмес.

“Бул пландалган эмес. Мага редакциянын жетекчиси катары “мен ушуну тартканы жатам” деп айткан эмес. Кийин келип “Менде ушундай материал бар, сунуштайм” деди. Эмне үчүн алдын ала сүйлөшүлгөн жок деп, ошол боюнча токтогон”.

Алмаз Касымалиев Кадыр Кошалиевдин “Кыргыз ааламы” деген программасына Курманбек Бакиевден маек алууга каражат, кызматкер жана техника берилбегенин айтты.

15-майда Кадыр Кошалиевдин Курманбек Бакиев менен интервьюсу Ютубдагы жеке каналга жарыяланган. Беларустан башпаанек тапкан мурдагы президент 2010-жылкы Апрель окуясы жана анын бийлиги тушундагы буюртма киши өлтүрүүлөр тууралуу суроолорго жооп берген. Кадыр Кошалиев маек тууралуу “Азаттыкка” мындай комментарий берген.

“Долбоор аркылуу мурдагы жетекчилер менен маектешели деген план бар болчу. 4-январда Москвада Аскар Акаевич менен маектешкем. Андан кийин 14-15-апрелде Минскиде Курманбек Бакиев менен маек болду. “Кыргыз ааламы” долбоорунда Кыргызстанды мурда жетектеген беш адамдан интервью кылып эфирге берели деген программабызда бар болчу”.

Маалыматка караганда, Кадыр Кошалиев апрель айынан тарта Улуттук телерадио корпорациясына штатка кирип иштеп жатат. Анын Курманбек Бакиевден алган маеги коомчулукта сынга кабылып, “Бакиевдерди актоо иштери жүрүп жатат” деген сынды күчөттү.

“Кыргыз ааламы” программасы УТРКнын “Маданият. Тарых. Тил” каналынан чыгат. (BTo)

Дагы караңыз

Бишкек мэриясы таштанды төгүүчү жайдагы өрт өчүрүлгөнүн билдирди"Дастан" командасы футзал боюнча Кыргызстандын чемпиону болдуӨзбекстанда "Адолат" партиясы президенттикке аял талапкер көрсөттүАкыйкатчы кызматына Жамиля Жаманбаева шайландыПрезидент Жапаров мамлекеттик сапар менен Кытайга учуп кетти