Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:03

Акыйкатчы кызматына Жамиля Жаманбаева шайланды


Жамиля Жаманбаева.
Жамиля Жаманбаева.

Жогорку Кеңеш 17-майдагы жыйынында акыйкатчы кызматына талапкерлерди шайлоо өтүп, анда эң көп добушту Жамиля Жаманбаева алды. Аны парламенттин 48 депутаты колдоду.

Акыйкатчы кызматын шайлоого талапкер катары Жамиля Жаманбаева менен Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун директору Бакыт Рысбеков ат салышып, ал 20 добуш алды.

Депутат Гуля Кожокулова "Акыйкатчы жөнүндө" мыйзамда бул кызматка талапкер кеминде 50 депутаттын колдоосуна ээ болушу керектиги жазылганын айтып чыкты. "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын лидери Адахан Мадумаров "Акыйкатчы жөнүндө" мыйзам конституциялык мыйзам экенин, эки мыйзам бири-бирине каршы келип калганда, ошол мыйзам үстөмдүк кыларын билдирди.

Парламенттин төрагасынын орун басары Нурбек Сыдыгалиев шайлоо жараяны "Жогорку Кеңештин Регламенти жөнүндө" мыйзамга ылайык жүргөнүн, эки мыйзам тең конституциялык мыйзам эмес экенин белгиледи. Ал мындай учурда Конституцияда каралган нормаларга ылайык чечим кабыл алынарын, ошол себептүү көпчүлүк добушту алган талапкер утуп чыгарын түшүндүрдү.

Жаманбаеванын талапкерлигин “Мекенчил” депутаттык тобу жана “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясы, Бакыт Рысбековду “Бүтүн Кыргызстан” фракциясы көрсөткөн.

46 жаштагы Жамиля Жаманбаева эмгек жолун 1998-жылы Бишкек шаарындагы райондук прокуратура бөлүмдөрүндө стажер, прокурордун жардамчысы, прокурордун улук жардамчысы болуудан баштаган. 2004-жылы Бишкек шаардык прокуратурасында ички иштер жана прокуратура органдарында тергөөгө көзөмөл жүргүзүүчү бөлүмдүн прокурору кызматына келген. 2018-2021-жылдары башкы прокурордун орун басары болгон.

“Ыйман Нуру” фракциясы сунуштаган Күлира Кубатова шайлоо алдында талапкерликтен баш тартканын билдирген.

Буга чейин “Альянс” фракциясы бул кызматка Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Мирлан Жээнчороевди сунуштап, кийин ал өзү талапкерликтен баш тарткан. Акыйкатчы институтунун эмгек жамааты институттун эки кызматкерин талапкер кылып чыгаруу боюнча Жогорку Кеңешке, фракцияларга кайрылган. Бирок ал колдоо тапкан эмес.

Мурдагы акыйкатчы Атыр Абдрахматованы Жогорку Кеңеш 3-майдагы жыйынында бир топ депутаттардын каршылыгына карабай мөөнөтүнөн мурда кызматынан алган. Бир катар эл аралык уюмдар жана укук коргоочулар парламенттин чечимин сындаган.

XS
SM
MD
LG