Садыр Жапаров 18-майда мамлекеттик сапар менен Кытайга барат

Садыр Жапаров жана Си Цзинпин. 2022-жыл.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 18-20-май күндөрү Кытайга мамлекеттик сапар менен барат.

Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиевге шилтеме берип билдирди.

Ал Садыр Жапаров Кытайдын төрагасы Си Цзинпин менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөрүн жана эки өлкөнүн кызматташтыгын арттыруу боюнча маселе талкууланарын айтты.

Садыр Жапаров андан тышкары Кытайдын Мамлекеттик кеңешинин премьери Ли Цян, башка расмий өкүлдөр жана ишкерлер менен жолугушат.

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Жогорку Кеңештин 27-апрелдеги жыйынында Кытай менен Кыргызстандын ортосундагы визаны жокко чыгаруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын билдирген. (BTo)

Дагы караңыз

Пенсиялык фонддогу каражатка каалаган компаниядан үй алууга уруксат берүү сунушталдыNYT: Санкцияларга карабай Орусияга учак тетиктери ташылып келген ЖК комитети жалган маалыматтан коргоо мыйзамын өзгөртүүнү колдодуОшто куралды мыйзамсыз алып жүргөн кылмыш тобунун мүчөлөрү кармалдыЖК комитети акыйкатчы кызматына талапкерлерди колдодуКазак тарапта калган жер көйгөйү: депутаттар Чүй дарыясына барды УКМК Ысык-Көлдө мейманканага 8 гектар жер мыйзамсыз берилгенин билдирди