Түркиянын Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, санала элек дагы 27 үкөк калды. Президенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгы тууралуу комиссиянын төрагасы Ахмет Йенер дүйшөмбү күнү буларды билдирди:
"Чет өлкөдөн келген 8065 үкөк ачылды, ал эми 1529у ачыла элек. Саат 09.45ке карата Эрдоган 49.40%, Кылычдароглу 44.96%, Синан оган 5.2%, Мухаррем Инже 0.44% добушка ээ болду",- деди Йенер.
Мамлекеттик "Анадолу" агенттиги добуштардын 99.38% саналып бүткөнүн, Режеп Тайып Эрдоган алдыга чыкканын жазды.
Алдыга чыккан эки талапкер тең шайлоочулардын 50% көбүнүн добушун ала албаса, анда 28-майда экинчи айлампа өтөт.
Буга чейин талапкерлер шайлоочуларга кайрылып, шайлоо экинчи айлампага калганын билдиришкен. Боршайком бул тууралуу расмий маалымат бериле элек.
Дагы караңыз
Казакстандагы эң чоң уран кени "Росатомдун" көзөмөлүнө өттүУлуу Британия Киевге алыска уча турган чабуулчу учактарды беретЛенин округу боюнча шайлоого эки талапкер катышуудан баш тарттыIBA: легендарлуу өзбек мушкери Руфат Рискиевге өмүр бою пенсия берилет