Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:54

Казакстандагы эң чоң уран кени "Росатомдун" көзөмөлүнө өттү


“Казатомпром” улуттук компаниясынын имараты.
“Казатомпром” улуттук компаниясынын имараты.

Орусиянын «Росатом» корпорациясы Казакстандагы Степногорск тоо-химиялык комбинатынын тең кожоюну болуп калды. Бул тууралуу “Казатомпром” улуттук компаниясынын жылдык отчетунда белгилүү болду. Муну менен Москва Түркстан чөлкөмүндөгү уран кенин көзөмөлгө алды.

Түркстан облусундагы уникалдуу кенде өндүрүлгөн урандын бир жылдык көлөмү жакында алты тоннага жетет деп күтүлүүдө.

Бул уран келишимине казак басылмалары көп деле көңүл бурбаганы менен орус маалымат каражаттары аны чоң жаңылык катары чагылдырууда.

Алар дүйнөдөгү эң чоң кендердин бири "Росатомду" көптөгөн жылга керектүү сырье менен камсыз кыларын белгилеп жатышат.

Быйыл февралда казак өкмөтү өлкөдөгү башка үч уран ишканасынын ири үлүштөрүн орусиялык компанияларга берүүнү жактырган. Ал компаниялардын баары тең "Росатомдун" курамына кирет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG